Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:43

Б.ЕЛЬЦИН: “АКШ УЧАКТАРЫНЫН КЫРГЫЗСТАНГА КЕРЕГИ ЖОК”...


8-сентябрда мамлекет башчысы Аскар Акаев менен Орусиянын биринчи президенти Борис Ельцин Кыргыз-Орусия (Славян) университетинин профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттер менен жолугушту. Анын соңунда Аскар Акаев аталган окуу жайга Борис Ельциндин ысымын берүү тууралуу жарлыкка кол койду. Ельцин өз кезегинде АКШ учактарынын Кыргызстанда артышбаш экендигин айтты...

Мамлекет башчысынын чакыруусу менен эс алууга келген Орусиянын мурдагы президенти Борис Ельцин өзүнүн жеке фондунан Кыргыз-орус (Славян)университетинин 25 студентине ай сайын берилүүчү 1200 рубль өлчөмүндөгү стипендия тапшыруу максатында аталган окуу жайдын профессордук-окутуучулар жамааты жана студенттери менен жолугушту.

Анда Борис Ельцин мындан 11 жыл мурда кыргыз-орус жогорку окуу жайын түзүү жөнүндө Кыргызстан тараптын сунушун колдоп, уюштуруу иштерине кошкон салымын билдирди. Ал ошондой эле аталган университет он жыл аралыгында эл аралык деңгээлге жетип, профессордук-окутуучулар жамааты ишенимди актаганын белгиледи.

Борис Ельцин Орусия менен Кыргызстандын соода-экономикалык байланышы өскөнүн, эки тараптуу кызматташуу улам өнүгүп баратканын айтып, «АКШнын учактарынын кереги жок» деген пикирин билдирди:

- Бизге Американын абаучактарынын кереги жок. Орусиянын Кыргызстандагы авибазасында өткөн жылы он учак болсо, учурда алар жүзгө жетти. Достор, Кыргызстан менен Орусиянын достугу жана силердин университет үчүн ура!

Борис Ельцин андан соң окуу жайдын мыкты окуган 25 студентине өз фондусунан стипендия тапшырды.

Мамлекет башчысы Аскар Акаев, Кыргызстандын эгемен мамлекет болуп калыптанышына Ельциндин кошкон салымын белгиледи. Кыргыз-орус (Славян) университетин түзүүдө Ельциндин жеке көмөгү менен Москва көлөмдүү суммадагы акча каражатын бөлгөнүн, анын негизинде аталган окуу жай эл аралык абройго жеткенин билдирди. Ошондой эле ал, экс-президенттин эмгегинин урматына аталган окуу жайга Борис Ельциндин ысымын берүү тууралуу жарлыгын окуп, кол койду:

- Кыргызстан менен Орусиянын мамилесин өнүктүрүүгө кошкон зор эмгегин урматтоонун белгиси катары жана Кыргыз-орус (Славян) университетинин окумуштуулар кеңешинин сунушу менен Кыргыз-орус (Славян) университетине Орусиянын биринчи президенти Борис Николаевич Ельциндин ысымы берилсин,-деди Аскар Акаев.

Борис Ельцин президенттин мындай жарлыгын күтпөгөнүн билдирди. «Менин ысымымды бергенден көрө, Александр Пушкиндин ысымын ыйгарсаңар жөндүү болмок. Эми жарлык чыгып калган соң, мен жарлыкка каршы эч нерсе айталбайм», - деди Ельцин. Ал ошондой эле мурдагы КМШ мамлекеттеринде, Орусияда жогорку окуу жайы эмес бала бакчага да анын ысымы ыйгарылбаганын айтты.

Учурда аталган окуу жайда 8 факультет, 67 кафедра бар. Анда 12 мамлекеттен 8 миңге жакын студент билим алат. Ал эми окуу жайга Борис Ельциндин ысымы берилиши коомчулукта ар кандай пикирлерди жаратууда. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алевтина Проненконун пикиринде:

-Мен үчүн бул таңгалычтуу окуя. Менин оюм боюнча бул биздин президенттин шайлоо алдындагы кандайдыр бир иш чарасы сыяктуу таасир калтырат. Эмне үчүн Ельцин? Анткени ал Акаевдин жакшы досу. Себеби өткөн шайлоолордо Елцин аны абдан колдогон. Ал эми Путин колдобойт. Ал эми Кыргыз-орус (Славян) университетине Пушкиндин ысымын ыйгарса ылайыктуу болмок.

Орусия Федерациясынын экс-президенти көгүлтүр көлдүн жээгине эс алууга барып, 9-сентябрда IV эл аралык Ысыккөл спорт оюндарынын ачылышына катышат.

XS
SM
MD
LG