Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:18

КЫРГЫЗ-КЫТАЙ ЧЕГАРАСЫ ЖӨНҮНДӨ ПРОТОКОЛГО ОППОЗИЦИЯ КАРШЫ


Шейшембиде Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев менен Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябао эки өлкөнүн чегарасын демаркациялоо жөнүндөгү протоколго кол коюшту. Эл аралык мыйзамдарга ылайык эми ага парламент макулдук бербейт. Бирок Жогорку Кеңештин айрым депутаттары протоколго мыйзам бузуулар менен кол коюлду деп, өкмөт алдына маселе койгону жатат.

Жогорку Кеңештин депутаттарынын айтымында, буга кыргыз-кытай чегарасын демаркациялоо жөнүндөгү протоколго кол коюуга Мыйзам чыгаруу жыйынынын тиешелүү комитетинин макулдук бербегени башкы себеп. Анткени, маселени буга чейин караган мамлекеттик коопсуздук комитети "протоколго кол коюуга жалпысынан макулбуз, бирок 1996-1999-жылдардагы келишимдердин негизинде Кытайга Сарыжаз, Хантеңири, Жаңыжер, Үзөнгүкууш участоктору өткөндүктөн, ал жерлерге чегара мамылары орнотулбасын" деген чечимге келген. Ушундан улам палатанын депутаты Азимбек Бекназаров мындай дейт:

-Биз буга макулдук берген эмеспиз. Атүгүл маселени карап жатканда өкмөттүн бөлүм башчысы Саламат Аламановдон «Хантеңири чокусу Кыргызстанда калдыбы же Кытайга кеттиби?» деп сурадым. Анткени, алар убагында «Хантеңири чокусу Кыргызстанда калганын каалабай жатат» деп мени күнөөлөшкөн. Мен ошондо эле Хантеңири үч мамалекеттин ортосунда эл аралык статуска ээ болду деп айткан элем. Ушундан улам Аламановдон Хантеңири чокусу эл аралык статуска ээ болгондугун тастыктап коюшун талап кылдым. Ошондо Аламанов «Ооба, демаркация аяктагандан кийин Хантеңири чокусу үч мамлекеттин статусуна ээ болуп калды» деп ырастады. Анткени, үч мамлекеттин чегарасын бөлгөн түркүк так ошол чокуга коюлду. Ал эми протоколго кол кайрадан мурдагыдай эле мыйзам бузуу менен коюлду. Ага парламенттин комитетинин макулдугу берилген жок-деп билдирди Бекназаров.

Мындан тышкары "протоколго кол коюуда кошумча карта тиркелди" деген маалымат коомчулукту кооптонтуп, ал эмне карта деген түпөйүл суроону жаратты. Үзөңгүкууш боюнча талаш болгон кездеги Тышкы иштер министри Муратбек Иманалиев протоколго дагы кандай кошумча карта кошулганын билбей тургандыгын төмөнкүчө билдирди:

-Кошумча карта деген эмне экендигин жакшы түшүнбөйм. Мурда 1996-1999-жылы келишимге кол коюлган маалда карталар чийилген. Ал эми азыр кошумча карта дегенди билбейт экенмин.

Ал эми премьер-министрдин аппаратынын эл аралык өнүгүү бөлүмүнүн эксперти Кубанычбек Токторбаев карта тууралуу түшүндүрмө берип, "протоколго кол коюу маалында чегара белгилери боюнча протоколго тиркелген карта кошумча карта" деп туура эмес которулгандыгын, бул сөз үчүн тынчсыздануунун зарылдыгы жоктугун билдирди.

Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров болсо өкмөт өкүлүнүн мындай билдирүүсүнө макул эмес. Анын айтымында, кеп картада эле эмес, жалпы чегара маселесинин бир жактуу чечилгендигине болууда. Ушундан улам депутаттар протоколго комитеттин макулдугусуз эмне үчүн кол коюлгандыгы боюнча түшүндүрмө берүүнү өкмөттөн талап кылат. Ал тууралуу Азимбек Бекназаров мындай деди:

- Ушул маселе талкууланып жатканда премьер-министр Жогорку Кеңештин комитетинин макулдугусуз кол койгон болсо, ал эртеби-кечпи сөзсүз жоопкерчиликке тартылаарын эскертип, протоколдо тастыктап койгонбуз,- деп, өкмөттүн түшүндүрмөсүн талап кылышаарын билдирди.

Өкмөттүн регионалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов депутаттардын мындай дооматы негизсиз деген пикирде:

-Бул чечим юридикалык жактан толук кандуу болбойт. Комитет өзүнүн пикирин айтууга укугу бар. Бирок комитет чечим кабыл алды деп кол коюну токтотуп коюуга биздин укугубуз жок.

Ал эми Жогорку Кеңештин спикерлери шаршембиде Кытайдын премьери Вэнь Цзябао менен жолугушкан кезде чегараны демаркациялоо маселеси эки тарапка тең ыңгайлуу чечилгендиги коңшулардын ынтымагына жакшы өбөлгө болорун белгилешти.

Сүрөттө: Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев менен Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Вэнь Цзябао (21-сентябрь, 2004-жыл, Бишкек).

XS
SM
MD
LG