Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:30

Депутат болууга Ноокаттан төрт, Ысык-Көлдөн үч талапкер катталды


Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.
Иллюстрация үчүн колдонулган сүрөт.

Ноокаттагы №5 бир мандаттуу округдан парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоого төрт талапкер - Айболот Айдосов, Бакытбек Марипов, Байжигит Мурзакматов жана Артыкбай Абдивалиев катталды.

Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округдан Атабек Мазымканов, Бактыбек Момбеков жана Жакшылык Мукамбетов талапкерлигин көрсөткөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

Депутаттыкка ат салышууну каалагандардан арыз 30-майга чейин кабыл алынат. Шайлоо 30-июнда болот.

2021-жылы Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Ноокаттан шайланган Жусупбек Коргонбай уулу 22-апрелде мандатын тапшырган. Ал эми Ысык-Көлдөн шайланган Максатбек Сарбагышев 25-апрелде мандатын тапшырууга арыз жазган.

Жогорку Кеңештин VII чакырылышы 2021-жылы декабрь айында ишин баштаган. Андан бери ар кандай себеп менен 20га чукул депутат мандатынан ажыратылды.

Эки округда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүнүн чыгымы 21 миллион 748 миң сом деп эсептелген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG