Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:49

11 журналисттин иши Биринчи май райондук сотуна өттү


Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келе жаткан учур. 17-январь, 2022-жыл.
Журналист Сайпидин Султаналиевди милиция кызматкерлери сотко алып келе жаткан учур. 17-январь, 2022-жыл.

“Массалык башаламандыктар” беренеси менен айып коюлган 11 журналисттин иши 8-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна өттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” ушул иш боюнча шек саналып жаткан журналисттер Сайпидин Султаналиев жана Жоодар Бузумовдун адвокаты Нурсултан Жаныбеков билдирди. Алдын ала соттук угуу качан башталары азырынча белгисиз.

Нурсултан Жаныбеков райондук сотко “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбековдун бөгөт чарасын өзгөртүп камактан чыгаруу, Сайпидин Султаналиев менен Жоодар Бузумовдун үй камагын чет жакка чыкпоого өзгөртүп берүү боюнча өтүнүч бергенин кошумчалады.

16-январда Ички иштер министрлиги (ИИМ) “Temirov Live” медиасынын мурдагы жана азыркы 11 кызматкеринин үйүндө тинтүү жүргүзүп, өздөрүн кармап кеткен.

Кийин Temirov Live редакциясынын кызматкери Акыл Орозбеков үй камагына, ал эми Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тилкаты менен абактан чыккан. “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Сапарбек Акунбеков ден соолугуна байланыштуу үй камагына бошотулган.

9-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту журналисттер Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Максат Тажибек уулу жана Сайпидин Султаналиевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган.

Ошентип, камакка алынган 11 журналисттин төртөө – Temirov Live жана “Айт айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, “Айт, айт десе” долбоорунун кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекеева камакта жатат.

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышууда. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG