Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:32

Орусия Украинанын алты облусундагы энергетика объектилерине чабуул койду


Киевге урулган соккудан кийин. 8-май 2024-жыл
Киевге урулган соккудан кийин. 8-май 2024-жыл

Орусия Украинанын алты облусундагы энергетика объектилерине кеминде 50 ракета жана 20 дрон менен чабуул койду.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кыйроолор болгонун билдирди, бирок канча киши жабыркаганы беймаалым.

Украинанын энергетика министри Герман Галущенко мекеменин Телеграм-каналына жазгандай, Полтава, Кировоград, Запорожье, Львов, Ивано-Франков жана Винница аймактарындагы жайлар аткыланды.

Маалыматка караганда, Львов жана Винница облустарындагы жылуулук станциялары бутага алынды.

Полтава районунда пилотсуз учак энергетикалык инфраструктуранын объектисине тийгенде өрт чыкты. Жергиликтүү администрация башчысы эч ким жабыркабаганын билдирди.

Киевдин аскердик администрациясынын жетекчиси Сергей Попконун айтымында, шаарга канаттуу ракеталар менен сокку урулду. Алар стратегиялык бомба таштоочу учактардан атылган. Чукул кырдаалдар кызматы 2 киши эабыркаганын жана 13 имаратка зыян келтирилгенин билдирди.

Украин президенти Владимир Зеленский чабуул Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондорду эскерүү күнүндө болгонун белгилеп, Орусиянын өз өлкөсүнө каршы агрессиясын нацисттик Германиянын согушка алып келген аракеттерине теңеди.

Орусиянын аскерлери Украинаны күнүгө аткылап келет. Согуштун башынан бери Москва аскердик жайларды бутага алганын айтып, карапайым эл арасындагы жоготууларды, жарандык инфраструктуранын жок кылынганын комментарийсиз калтырууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG