Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:53

БШК Бекмурза Эргешов боюнча кийинки соттук инстанцияга кайрылбайт


Бекмурза Эргешов.
Бекмурза Эргешов.

Борбордук шайлоо комиссиясы №7 бир мандаттуу Ош шайлоо округундагы депутаттык шайлоодо жеңген Бекмурза Эргешов боюнча кийинки соттук инстанцияга арыз менен кайрылбайт. Бул тууралуу “Азаттыкка” 8-майда БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев билдирди.

28-апрелде бир мандаттуу Баткен, Ош жана Кара-Суу округдарында Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо өткөн. 26-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясы Бекмурза Эргешовду “административдик ресурсту колдонгон”, ал эми дагы бир талапкер Максатбек Маматкуловду “каржылык талаптарды бузду” деген жүйө менен анын каттоосун жокко чыгарган.

27-апрелде Бишкектин административдик соту БШКнын Эргешовду шайлоодон четтетүү боюнча чечимин мыйзамсыз деп таап, Маматкуловдун арызын канааттандырган эмес.

Соттун чечиминин негизинде Эргешов шайлоого катышып, Ош округу боюнча добуштардын 43,8% алган.

7-майда Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу үч округдагы шайлоонун жыйынтыгын расмий жарыялап, Баткен округунан Бактыяр Калпаевге, Ош округунан Бекмурза Эргешовго жана Кара-Суу округунан Илимбек Кубанычбек уулуна депутаттык мандатын тапшырды.

Боршайкомдун буга чейин Бекмурзаевдин талапкерлик каттоосун жокко чыгаруусуна эркин журналист Ыдырыс Исаковдун айрым аткаминерлердин жана аларга баш ийген кызматкерлердин Эргешовдун штабында жүргөнү тууралуу жарыялаган видеосу негиз болгон.

Бул видео чыккандан кийин мэрияда атайын комиссия түзүлүп, иликтөө жүргөн жана анын чечими менен айрым кызмат адамдары жазага тартылып, кызматтан алынгандар да болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG