Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:50

ИЙАД АЛЛАВИНИ ИРАКТА КИМ КОЛДОЙТ?


Ушул аптада АКШга иш сапары менен барган Ирактын утурумдук премьер-министри Ийад Аллави Америка элине Саддам Хусейнди бийликтен кулатканы үчүн терең ыраазычылык билдирди. Ирактын өкмөтүн башкарган Аллави өзү деги кандай киши жана ал өлкөдө бейкуттук, бакубат жашоо орното алабы?

Ийад Аллави 1945-жылы Иракта шийи соодагерлеринин бир нече мууну түптөгөн, саясий чөйрөдө башы көрүнгөн мартабалуу үй-бүлөдө төрөлгөн. Анын атасы Ирак парламентинин депутаты, чоң атасы убагында Британиядан көз карандысыздык алуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан адам болгон. Ошондуктан Ийад да бала кезинен эле чоң мансапка умтулуп өскөнү таң калычтуу эмес.


1960-жылдардын башында ал медициналык колледжде окуп жүрүп, "Баас" партиясына өтүп, кыймылдын Ирактын өкмөтүн бийликтен кулатуу аракеттерине аралашкан. 1963-жылы баасчылардын алгачкы төңкөрүшү ишке ашпай калып, беш жылдан кийин экинчи козголоңу жемиштүү болуп, ошондон тарта "Баас" партиясы былтыр Саддамдын заманы аяктаганга чейин Ирактагы бийликти былк эттирбей ээлеп келди.

Ийад Аллавинин баасчылардын ал кездеги ишмердигине катышканы айрым ирактыктарды иренжитпей койбойт. Ушул жагдайга Лондондо жашаган укук коргоочу Абдел Сахеб Хаким басым жасайт:

- Бул – начар көрүнүш, Аллавинин өмүр баянындагы "кара так" десек да болчудай. Мен Саддамдын бийлиги кулагандан бери Иракка беш ирет барып келдим, катардагы эл баасчыларды, атүгүл анын мурдагы мүчөлөрүн да жаман көрөт.


Аллави болсо 1971-жылы нейрохирург адистигин алуу максатында Лондонго жөнөп кеткен боюнча Иракка кайтпай калган. Айрым эски достору башында ал Европада баасчылар үчүн кызмат өтөгөнүн айтса, башкалары ал атайлап Саддамдан окчундаш үчүн Батышка кетип калган дешет. Айтор, 1975-жылы Ийад Аллави Ирактагы башкы партиядан чыкканын жарыялап, үч жылдан кийин Саддамдын тыңчылары Лондондо анын көзүн тазаламакчы болуп, кокустан гана максатына жетпей калышкан.


1990-жылы Аллави "Баас" партиясынан көңүлү кайткан, сүргүндөгү мүчөлөрүн чогултуп, "Ирактын улуттук ырашкерлиги" аттуу жаңы кыймыл түзөт. АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгы колдоп-түртмөлөгөн ал уюм 1996-жылы Саддам Хусейндин өмүрүнө кол салуу уюштуруп, төңкөрүштүн бети ачылып калып, Багдадда аларды тымызын колдогон жетекчилердин башы алынган.


Ийад Аллавинин бактысы, көпчүлүк ирактык качкындардыкындай эле, былтыр АКШ Саддамдын бийлигин кулатканда ачылды. Мурдагы кызматташтыгын эске алып, Вашингтон Аллавини Ирактын Башкаруу кеңешинде коопсуздук маселелери үчүн жооптуу адам кылып дайындады. Ушул жылдын июн айында ошол Башкаруу кеңеши премьер-министрди тандаганда, Ирактагы туруксуз акыбалдын көйгөйү алдыга чыгып, коопсуздук маселелеринде такшалган адам катары Аллавинин талапкерлиги көпчүлүктүн колдоосуна арзыды.

Ирактын Саддамдан кийинки жаңы доорундагы алгачкы премьери болуп калган Аллави калк алдында жоомарттыгын көргөзгүсү келдиби, алгачкы күндөн тарта: "Биз сот бийлигине баш иерибизди көрсөтөбүз. Экс-диктатордун соту Иракта өтөт, биз анын ишин калыс карап, дүйнө жүзүнө мыйзамдарды, адам укуктарын урматтаарыбызды айгинелешебиз керек", - деп кайталап келатат.


Бирок, айрым байкоочулар Ирактын азыркы утурумдук өкмөтү калк арасында бекем ишеничке ээ боло албаганына көңүл бурушат. Ирактын мурдагы Башкаруу кеңешинин мүчөсү Махмуд Отман буларды айтат:

- Азыркы өкмөт бийликке келгенде, эл көп жакшылыктарга үмүт байлаган. Бирок азыр баарыбыз көрүп тургандай, алар Американын көзөмөлүнөн чыга алышпады. Ал эмес АКШ аскерлери кайтарган Багдаддагы "жашыл аймакта" жашап, иштеп жатышат. Анын сыртына чыгып, элди кыдырып, жер-жерлерге барып, карапайым калктын көйгөйүн уккандан көрө алар улам бир чет мамлекетке саякатка барууда. Өкмөттөгүлөр АКШ аскерлерине нааразы ирактыктардан оолактап, обочолонуп алышты.

Анын айткандары чынбы же акыры баары Багдадда чечилеби, бул маселени январ айында Иракта өтө турган шайлоонун жыйынтыктары көрсөтөт. Аллави Вашингтонго барганда, өлкөдө кырдаал канчалык кыйын болсо да, шайлоо сөзсүз өз убагында өтөт деп ишендирди.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG