Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:39

ООГАН ШАЙЛООЧУЛАРЫНЫН КООПСУЗДУГУ ЖЕТИШТҮҮ КАМСЫЗДАЛАБЫ?


Ооганстандагы президенттик шайлоонун тынч өтүшү үчүн эл аралык контингент, жергиликтүү армия жана уруу башчылары биргелешип аракеттенишет. Региондордогу коопсуздукту камсыздоо ооган полициясы менен аскерлерге жүктөлмөкчү. Керек болгон учурларда аларга бейпилдик күчтөрү жардам беришет. Бул жөнүндө БУУнун бейпилдик күчтөрү боюнча жооптуу өкүлү Жан Мари Гуэнно шейшембиде коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнө билдирди.

Гуэннонун ырастоосунда, коопсуздук планы шайлоочуларды жана добуш берүү участкаларында иштегендерди коргоого, бюллетендерди саноо процессин үзгүлтүккө учуратпоого багытталат:

- Шайлоо күнү же ага чейин деле ар кандай карасанатайлыктардын ыктымалдыгын жокко чыгарбайбыз. Биз бардыгына шайма-шай турушубуз керек.

Ооган полициясы 25 миңге чукул шайлоо участкаларындагы коопсуздукту камсыздап турмакчы. Улуттук армия болсо добуш берүү аймактарын көзөмөлгө алат. Ал эми эл аралык контингенттин аскерлери бюллетендер салынган кутулардын коопсуз ташылышын камсыздап, санактар өткөрүлө турган 8 борборду саксактап турушат.

Ушу тапта Ооганстанда НАТО жетектеген күчтөрдүн 8 миңдей аскери жана америкалык 18 миң жоокер бар.

БУУнун өкүлү шайлоочуларды каттоо процессинде көп жардам беришкен уруу аксакалдары шайлоо күнү да кызматташуусун улантышат деп үмүттөнөт.

- Албетте, ар бир шайлоо участкасына аскерлерди жайгаштырууга чамабыз жетпейт. Бирок азыркы коопсуздук концепциясы шайлоону тынч өткөрүүгө шарт түзөт деп ишенебиз. Көп кырчоолу күзөт коюлуп, ооган аскерлерине керек болгон учурларда бейпилдик күчтөрү көмөктөшүп турмакчы, - деди Жан Мари Гуэнно.

Шейшембиде Хьюман райтс уоч укук коргоо уюму Ооганстандагы лашкербашчылар жана талаа командирлери шайлоону үзгүлтүккө учуратыш үчүн жергиликтүү тургундарга ар кандай зомбулук көрсөтүп келатканын айтып чыкты.

БУУнун өкүлү Гуэнно добуш берүүчүлөрдү коркутуп-үркүтүү фактылары көп экенин мойнуна алуу менен, алар шайлоо процессине олуттуу залака тийгизбейт деген пикирин билдирди:

- Бул инциденттер президенттик шайлоого болгон ишенимге терс таасир этпейт деп ойлойм. Оогандыктарды өнөктүк адилет болот деп ынандырууга көп иштер жасалды. Албетте шайлоо эң жогорку деңгээлде өтөт деп айта албайбыз, бирок ал калыс болооруна ишенебиз.

28-сентябрда Улуттар уюмунун расмий өкүлү Пакистандагы ооган качкындары жалпы шайлоочулардын 10 пайыздайын түзөт деп билдирди. Бирок Пакистан менен Ирандагы шайлоонун координатору Питер Эрбен белгилегендей, оогандык шайлоочулар согушкер топтордун кысымына кабылып жатышат:

- Биз жоочулардын мындай эскертүүлөрүн көңүл сыртында калтырбайбыз. Бактыбызга жараша буга чейин эч кандай коогалаң боло элек, мындан ары да ушундай болот деп үмүттөнөм.

Өткөн жумада талиптердин колдоочулары Пакистандагы качкындар лагеринде баракчаларды таратышып, шайлоо комиссиясынын мүчөсүн өлтүрүү үчүн сыйлык берүүнү убада кылышты, каттоо карточкасын алган оогандар болсо жазаланат деп эскертишти.

XS
SM
MD
LG