Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:55

ФЕЛИКС KУЛОВДУН АРЫЗЫ ПАРЛАМЕНТТИН КОМИТЕТИНДЕ БУЛ ИРЕТ КАРАЛГАН ЖОК


6-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын соттук-укуктук жана мыйзамдуулук боюнча комитетинде “Арнамыс” партиясынын абактагы лидери Феликс Куловдун арызын кароо үзгүлтүккө учурады. Ага Сокулук райондук сотунун чечиминин депутаттарга таратылып берилбегендиги себеп болду.

Мыйзам чыгаруу жыйынынын соттук-укуктук жана мыйзамдуулук боюнча комитетине Феликс Кулов арыз менен кайрылган. Ал арыздын мазмуну тууралуу комитеттин төрагасы Азимбек Бекназаров буларды билдирди:

-Феликс Кулов өзүнүн жаза өтөө мөөнөтү кайсы күндөн тартып эсептеле баштаарын соттор туура аныктаганбы же жокпу деген суроо менен биздин комитетке кайрылган. Анын пикиринде, соттор жана жаза өтөө мекемелер башкармалыгы Куловдун абакта отурган мөөнөтүн туура эмес санаган. Ошого байланыштуу ал шарттуу түрдө боштондукка чыгарылбай жатат. Ал эми мыйзамга ылайык мен алты ай мурун эле боштондукка чыгышым керек эле, деп билдирүүдө Феликс Кулов.

Бекназаровдун айтымында, мына ушул арызга байланыштуу маселени комитет жыйынына алып чыгуу чечими кабыл алынган. Бул жыйынга “Арнамыс” партиясынын өкүлдөрү жана Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза өтөө мекемелелер башкармалыгынын жетекчиси Владимир Носов катышты.

Жыйындын башында “Арнамыс” партиясынын төрага орун басары Эмил Алиев жана Юстиция министрлигинин алдындагы Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын жетекчиси Владимир Носов Куловдун иши боюнча депутаттарга кыскача маалымат берди.
Владимир Носов мисалы буларга токтолду:

-Сокулук райондук соту бул маселени карап, чекит койду. Баарына түшүндүрүп берди. Эч кандай документтин жоголбогонун аныкташты. Ошондуктан бул жерде маселе жок. Ал эми биз болсо болгону сот өкүмүн аткаруучуларбыз.

Башкармалыктын эсеби боюнча, Феликс Кулов келерки жылы октябрь айында мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө боштондукка чыгууга укук алат.

Комитет жыйынындагы талкуунун жүрүшүндө Куловду мөөнөтүнөн мурда боштондукка чыгышына убакыт келе электигин аныктаган Сокулук райондук соттун чечими жок экендиги айкын болуп, маселени кароо токтотулду. Чечимдин кайда экендигин партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Абдысапар Баялинов мындайча түшүндүрдү:

- Сокулук райондук соттун чечими адвокатта. Ал болсо дагы бир сот жараянына катышып жатат жана комитеттин жыйынына келе албай калды. Ошол себептен маселени кароо үзгүлтүккө учурады.

Азимбек Бекназаровдун айтымында, эми бул маселе комитеттин кезектеги жыйынында каралат. Анда чечим кабыл алынышы ыктымал. Ал чечимдин күчү канча:

-Комитеттин чечими сунуш мүнөзүндө болот жана ал бардык органдарга тийиштүү.

“Арнамыс” партиясынын төрагасы Феликс Кулов 2000-жылдын 22-мартында камакка алынган. Ага кызмат абалынан кыянат пайдаланган деген күнөө коюлган. Бирок бул ишти биринчи ирет караган аскердик соттун судьясы Нурлан Ашимбек уулу Феликс Куловду актаган чечим чыгарган. Жогорку Сот ал чечимге макул болбой, ишти кайрадан кароого жиберген. Тергөө иштеринин жүрүшүндө Куловго жаңы күнөөлөр коюлуп, 2001-жылдын декабрь айында Биринчи май райондук соту аны 10 жылга кескен.

“Арнамыс” партиясы жана оппозициялык күчтөр Феликс Куловдун саясий себептерге байланыштуу камакка алынганын баса белгилеп келатышат. Ал эми ырасмий бийлик тескерисинче, бул иште саясаттын жоктугун билдирүүдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG