Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:57

«Манас» аба майданында аскерий учак кырсыкка учурады


БИШКЕК. 4-ноябрда жергиликтүү убакыт боюнча он бештен он алты минут өткөндө «Манас» аба майданына келип конгон голландиялык F-16-үлгүсүндөгү аскердик учактын алдыңкы дөңгөлөгү чыгып кетип, кырсыкка учураган. Учакта бир гана учкуч болгон жана ал жеңил жаракат алып ооруканага жеткирилген. Бул тууралуу «Ганси» аскердик базасынынын коомчулук менен иштөө кызматынынын атын атагысы келбеген өкүлү билдирди. Маалымат булагы аскердик учактын канчалык деңгээлде жабыркагандыгы жана анын кырсыкка учуроо себептери боюнча ырасмий түрдө толук маалымат эртең таратыла тургандыгын кошумчалады.

XS
SM
MD
LG