Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:49

ОППОЗИЦИЯЛЫК МААНАЙДАГЫ КҮЧТӨР КУРУЛТАЙ ӨТКӨРДҮ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 5-ноябрда Бишкекте курамына оппозициячыл маанайдагы тогуз партия кирген «Кыргызстан элдик кыймылы» саясий бирикмесинин курултайы өткөрүлдү. Жыйында кыймылдын төрагасы, аткаруу комитетинин жетекчиси жана 17 адамдан турган саясий кеңеши шайланды. Курултайдын катышуучулары кыймылдын башкы максаты - болочок парламенттик шайлоодо жеңишке жетишүү экендигин бир ооздон белгилешти. Ошондой эле курултайда кыймылдын саясий кеңеши жакынкы күндөрү Кыргызстандын 75 депутаттык орундан турган болочок бир палаталуу парламентине аталган кыймылдан көрсөтүлгөн талапкерлердин аты жөнүн тактап, массалык маалымат каражаттарына жарыялай тургандыгы айтылды.

Курултайга республиканын бардык аймактарынан келген делегаттар, аткаруу бийлигинде мурда иштеген элге белгилүү саясатчылар, кош палата депутаттары, эларалык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Курултайдын күн тартибине уюштуруу маселеси жана келээрки парламенттик шайлоого карата аткара турган иштерди тактоо деген эки маселе коюлду.

Биринчи маселе боюнча кыймылдын төрагалыгына мурдагы өкмөт башчы, депутат Курманбек Бакиев, аткаруу комитетинин жетекчилигине Үсөн Сыдыков жана курамы 17 адамдан турган кыймылдын борбордук саясий кеңеши шайланды.

Андан соң кыймылга кирген саясий партиялардын лидерлери жана өкүлдөрү сөз сүйлөштү. Кыймылдын төрагасы Курманбек Бакиев соңку жылдары Кыргызстанда социалдык-экономикалык абал оорлоп, жакырчылыктын денгээли жогорулап, мындай абалды өлкөнүн бир жарым миллиард доллардан ашуун тышкы карызын үстөк пайызы менен кошуп төлөө ого бетер оорлотуп жаткандыгын белгиледи:

- Курултайдын урматтуу катышуучулары! Биз соңку беш, алты жылдан бери өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулук тууралуу айтып келебиз. Бирок сөз менен жасаган иш дал келбей, өлкөнүн экономкалык абалы жакшырбай атат. Өндүрүштүн деңгээли төмөндөп, өлкөнүн тышкы карызынын өлчөмү үстөк баасы менен кошуп санаганда жогорулоодо. Ар бир өлкөнүн эконмикалык негизин түзүүчү орто жана чакан ишкерлик жеткиликтүү деңгээлде бутуна туруп кете алган жок. Ошондой эле айыл чарбасында да эч кандай жылыш байкалбайт. Мына ушундай көрүнүштөн улам өлкөдөгү социалдык-экономикалык абал начарлап, кыргыз элинин ырасмий бийлик айткандай 50 пайызы эмес, 65 пайызга жакыны жакыр абалда күн көрүшүүдө.

Курманбек Бакиев соңку жылдары Кыргызстанда жогорку бийлик орундарына атуулдарды билимине, адистик деңгээлине карабай, таанышчылык, тууганчылык менен дайындоо элдин бийликке болгон ишениминин кетишине алып келди деген пикирин билдирди. Андан аркы сөзүндө ал бийлик маселесине токтолду:

- Соңку мезгилде өлкөдөгү оппозициячыл күчтөрдү "«Жибек» жана башка төңкөрүштөрдү даярдоодо»" деп айыптоо Кыргызстандын кадыр-баркына доо келтирип жатат.

Ал эми жыйында сөз сүйлөгөн Кыргызстан коммунистери партиясынын лидерлеринин бири Николай Байло «келечекте өлкөнү ушундай абалдан алып чыгуу үчүн президенттик шайлоого чейин өтүүчү парламенттик шайлоодо жеңишке ээ болуу зарыл» деген пикирин билдирди.

Курултайга Ош обласынын Өзгөн районунан келген Абдыкар аттуу карыя болочок шайлоодо жеңишке жетишүү үчүн партия өкүлдөрүн элге чыгууга чакырды:

- Элге чыгып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарыл. Эгерде элге чыкпасаңар, эл менен сүйлөшпөсөңөр азыркы айтылган жакшы ой-тилектер сөз бойдон калат.

Андан курултайда «Жаңы Кыргызстан» партиясынын өкүлү Досбол Нур уулу, «ЭрК» партиясынын жетекчиси Бектур Асанов, «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев, «Асаба» партиясынын өкүлү Дөөлөт Нусупов, жана башкалар сөз сүйлөштү. Алар аткаруу бийлик өкүлдөрү учурда жер-жерлерди кыдырышып, элге акчалай жардам беришип, мыйзам бузуу жолу менен келээрки парламенттик шайлоого кызуу даярдык көрүп баштагандыгын айтышты.

Ошондой эле алар он-он беш күндүн аралыгында 75 шайлоо округу боюнча кыймылдын атынан талапкерлерди көрсөтүп, аларды жеңишке жеткирүү үчүн биргелешип аракеттенүү зарылчылыгын белгилешти.

Ал эми Курманбек Бакиев кыймылдын атынан Кыргызстандын болочок бир палаталуу парламентине көрсөтүлө турган талапкерлер жакын арада партиянын саясий кеңеши тарабынан такталып, коомчулукка жарыялана тургандыгын маалымдады:

-Биздин кыймыл көрсөткөн талапкерлерди жакшы электен өткөрүшүбүз керек. Ар бир талапкерди жакшылап тандашыбыз зарыл. Бул үчүн бизге жок эле дегенде 10-15 күндөй убакыт керек.

XS
SM
MD
LG