Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:09

ӨЗБЕК ЖАНА ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТТЕРИ БУХАРАДА ЖОЛУКТУ


Нарын АЙЫП, Прага 19-ноябрда өзбек жана түркмөн президенттери Өзбекстандын Бухара шаарында жолугуп, эки мамлекет ортосундагы достук жана кызматташуу келишимине кол койду. Суу байлыктарын биргелешип пайдалануу, чек ара маселелерин жөнгө салуу ыкмалары да жолугшуу учурунда талкууга алынды. Анткен менен эки президент ортосундагы мамилелер дале татаал бойдон калууда. Алар буга чейин мындай деңгээлде жолукпагандыгына төрт жылга айланды.

Түркмөн президенти Сапармурад Ниязов Бухарага келгенде, президент Ислам Каримов ага белек катары Өзбекстанда өндүрүлгөн жеңил машине тартуу кылды. Ал эми Ниязов дароо ага отуруп, машинени өзү айдап көрдү. Канткен күндө да эки президент ортосундагы мамилелер бир кыйла татаал . Буга дейре алар бир-бирин бир топ катуу сынга алышкан.

Кимдир бирөө Каримовду бир кезде түркмөн ыкмасына салып "ата" деп атаганда, өзбек президенти аны катуу тыйып салган: "Силер мени 'ата', 'аталык' деп жатасыңар, жөнөкөй адамга карата минтип айтылса, ал кулакка жакшы угулат. Бирок бийлик жагынан алганда, тарыхты эстеш керек. Президентти 'аталык' деп атаса, андай өкмөттү демократиялык деп айта албайсың. Андай мамлекет хандык болуп калат. Биздин кээ бир кошуналар андай ыкмага өттү, анткени аны эл талап кылат экен. Аларда бардык маселени президент өзү чечет. Эмне үчүн? Аларда эмне, өкмөт жокпу?"

Ниязов дагы Каримовду өз кезегинде көп сындаган. 1996-жылы болсо Түркмөнстанда Экономикалык кызматташуу уюмунун жогорку деңгээлдеги жолушуусунда, Каримовдун учагы Ашгабат аэропортуна көпкө чейин кондурулбай койгон, ал эми башка президенттер саммитке эч тоскоолдуксуз келип конгон..

Эки коңшу өлкө ортосундагы мамиле 2002-жылдын ноябрынан тартып катуу бузулган. Президенттин өмүрүнө кол салуу болду деп түркмөн коопсуздук кызматы бир нече адамды кармаган. Көз узабай коопсуздук кызматкерлери Ашгабаттагы өзбек элчилигине да келип, анын имаратын тинткен. Түркмөнстандагы өзбек элчиси өлкөдөн кууп чыгарылган. Төңкөрүш аракетин өлкөнүн мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов уюштурган деп жарыяланган.Ал эми ал кийин суракта Түркмөнстанга кошуна Өзбекстан аркылуу келгенин мойнуна алган.

Ниязов дароо өзбек жетекчилигин күнөөлөгөн: "Өзбек элин биз абдан урматтайбыз. Өзбек элин эч ким күнөөлөгөн жок. Бирок алардын жетекчилери террорчу Шихмурадовдун өлкөгө келишине жардам көрсөткөн. Анткен менен биз өзбектер менен кошуна катары жашайбыз жана алардын жетекчилери ката кетирсе дагы, биз өзбек эли менен жакшы мамиледе калабыз. Алар менен бир туугандай байланыштарды биз улантабыз".

Бир туугандай мамилелер эми расмий түрдө дагы бекитилди. Эки президент Бухара шаарында атайын келишимге кол койду. Ал документ - Өзбекстан менен Түркмөнстан ортосундагы достук, өз ара мамиле жана кызматташууну күчөтүү тууралуу келишим деп аталат. Андан тышкары, эки өкмөт ортосунда дагы эки келишим: - чек ара аймагында жашаган тургундардын мамлекеттик чек араны жеңилдетилген тартипте өтүүсүнө, чек ара аймагында жайгашкан ишканалардын кызматкерлери да чек арадан аталган келишимге ылайык жеңил тартипте кирип-чыгуусуна уруксат берет.

Суу байлыктары тууралуу да маселе талкууга алынганы менен, бул маселе боюнча эки жактуу оң келишим түзүлгөн жок, жагдай болсо бир кыйла оор. Түркмөнстан азыр чөлдө өтө ири суу сактагыч куруп жатат. Ага чек-арадагы Аму-Дарыядан суу алынса, Арал деңизинин абалы бир кыйла начарлап кетиши мүмкүн. Ашгабаттын айтымында чөлдөгү бул жаңы деңиздин Аму-Дарыяга эч тийешеси болбойт.

XS
SM
MD
LG