Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:28

ШАЙЛООНУ КАНТКЕНДЕ ШАЙТАН ОЮНГА АЙЛАНДЫРБАШ КЕРЕК?


27-ноябрда Бишкекте алдыдагы шайлоолорго байланыштуу жыйын өттү. Анда шайлоолорду канткенде акыйкат, таза өткөрүп, кандай жол менен парламентке жана президенттикке татыктуу адамдарды тандоо керек деген маселе талкууланды. «Арнамыс», «Менин өлкөм» сыяктуу айрым партиялардын өкүлдөрү жердешчилик, уруучулукту жоюш үчүн пропорционалдык системаны киргизүү керек деген сунуш айтышты. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев жердешчиликтин жакшы жактары да бар деген пикирин билдирди.

«АКШдагы шайлоо. Кыргызстандагы шайлоо» деген атта өткөн жыйындын катышуучулары канткенде шайлоону таза, адилет өткөрүп, татыктууларды тандоо керек, башкача айтканда, шайлоону кантип шайтан оюнга айландырбаш керек деген суроого баш оорутушту. Парламенттик шайлоого байланыштуу жарлык чыгалектигине жана шайлоо кампаниясы башталды деп жарыя бололектигине карабай көпчүлүк огругдарда мандат үчүн күрөш эмитеден күчөдү.

Жыйынга катышкан «Арнамыс» партиясынын лидерлеринин бири Эмил Алиевдин айтымында талапкерлер азыр шайлоочунун добушун тууганчылык, уруучулук, улуттук сезимдерге ойноп сатып алышууда. Эмил Алиев шайлоочу талапкерди анын көтөргөн идеясына жана көтөргөн маселесине карап тандашы керек дейт:

- Биз саяк, бугу, кушчу деп карабашыбыз керек талапкерге. Мисалы, орус, кыргыз, өзбек деп бөлбөшүбүз керек. Идея, идея үчүн күрөшүшүбүз керек. Алсак, биздин партиянын талапкеринин идеясы жакшы болсо анын орус же кыргыз экенине карабай эмне үчүн добуш бербеш керек? Эгер ушул кейипте ар бир улут өзүнүн өкүлүнө карап эле добуш бере берсе – анда биз эч качан жакшылыкка жетпейбиз. .

Эмил Алиевдин айтымында мындай мыйзам бузууларга чек коюш үчүн республикада шайлоонун пропорционалдык системасын киргизүү зарыл жана можаритардык система болсо бийлик канатына калкалаган партиялар үчүн өтө ыңгайлуу:

- Бийликтин жардамы менен түзүлгөн партия эч убакта пропорционалдык система менен парламентке өтпөйт. Себеби жалпы эл бийликтин партиясын колдобой коюшу мүмкүн. Алар ошондон коркуп, мажоритардык системаны колдоп жатышат, анткени өздөрүнүн административдик ресурстарын жана байлыгын колдонуп парламентке өтүп кетиши мүмкүн. Пропорционалдык системада болсо өтө алышпайт. .

Эмил Алиевден айырмаланып Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаев башкача ойлонот. Анын айтымында саяк уруусунан чыккан азамат өзүнүн талапкерлигин Жумгалдан койсо муну трайбализм же жердешчилик деп эсептеген туура эмес:

- Эмне үчүн Жумгалдын саяктары Чүйдөн солтону шайлашы керек – эгерде өзүнүн мыкты уул-кызы турса? Алардын кызыкчылык, муктаждыктарын башкаларга караганда мыкты билсе – анда эмне үчүн башка бирөөнү шайлашы керек?

Сулайман Иманбаев шайлоого тышкы басымдан, мисалы, Кошмо Штаттардын тийгизе турган таасиринен чочулай турганын журналисттерге билдирди. Иманбаев мырза шайлоочунун бармагына боёк сүртүүнү да АКШнын Кыргызстандын ички саясатына жасап жаткан таасири катары баалады. Андыктан ага каршы болгондугун, бирок президент ал жарлыкка кол койгондон кийин аны аткарууга аргасыз экенин айтты:

- Мамлекеттик көз карандысыздык бул - өтө татаал маселе. Ал эми шайлообузга башка мамлекеттердин түздөн-түз минтип киришүүсүнө каршымын. Азыр эми бул мамлекет бизден сурабай эле - өтө күчтүү мамлекет экен, дүйнөдө азыр бир гана мамлекеттин укугу болуп калды – ал өз билгенин жасап жатат кайсы жерде болсо дагы. .

Жыйында сөз сүйлөгөн Кыргызстан элдик кыймылынын төрагасынын орун басары Ишенгүл Болжурова кыймылдын айланасында бир катар мифтер пайда болгонун жана алар чындыктан алыс экендигин белгиледи. Анын айтымында «Кыргызстан элдик кыймылына жалаң бийликке таарынган түштүктүктөр кирген жана бул бир ууч революцонерлер төңкөрүш аркылуу бийликке келүүнү көздөп жатышат» деген сөздөр суу кечпейт. Ишенгүл Болжурова кыймыл таза, калыс өткөрүлгөн шайлоолор аркылуу бийликке тынч жол менен келүүнү максат кылаарын баса белгиледи.

Жыйынга катышкандар «Өткөөл коомду иликтөө борборунун» директору Айдарбек Көчкүновдон кызыктуу идеяны угушту жана ал кызуу талаш-тартышты жаратты. Айдарбек Көчкүнов жердешчилик, добушту акчага сатып алуу сыяктуу терс көрүнүштөргө чек коюш үчүн талапкерлер каттоодон өткөндөн кийин алардын өлкөнүн кайсы округунан шайланышын чучукулак же жребий аркылуу чечиш керек деген идеясын жарыялады:

- Борбордук шайлоо комиссиясында жалпы элдин астында кайсы талапкер өлкөнүн кайсы округуна түшөөрүн чучукулак же жеребёвка аркылуу аныктап, жарыялаш керек. Бул идеянын негизги маңызы – талапкер өзү туулуп-өскөн округга же жадагалса облусуна түшпөш керек. Ошондо гана талапкер акча менен добуштарды сатып албайт жана башка терс көрүнүштөрдү жасабай калат. Биз муну менен Кыргызстандын өнүгүшүнө чоң салым кошобуз..

Ал эми «Менин өлкөм» партиясынын мүчөсү Авазбек Атаханов болсо Айдарбек Көчкүновдун мындай сунушун негизинен колдогону менен анын айрым кемчиликтери бар экендигин айтат. Башкача айтканда эгер мындай ыкма кирсе депутаттын талапкер алдындагы жоопкерчилиги азайат, анткени талапкер тыштан таңууланып жатат. Ал кыргыз коомундагы шайлоого байланыштуу көпчүлүк проблемалар партиялык же пропорционалдык система киргизилсе чечилет эле деген ойдо.

Сөз аягында айтаарым – жыйын АКШнын Кыргызстандагы элчилиги жана Аймактык иликтөөлөр институтунун колдоосу менен өттү жана ага саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышты.
XS
SM
MD
LG