Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Калктын укугун коргоо маселеси талкууланды


БИШКЕК. 18-декабрда Бишкекте «Адилетсиздиктин курмандыктары өз укуктарын эл аралык деңгээлде коргой алышабы?»деген темада жыйын болду. Ал «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюумунун демилгеси менен өткөрүлүп, жыйынга 2000-жылкы парламенттик шайлоодо өз талапкерин шайлай албай калган Карабуура районунун тургундары, 2002-жылкы Аксы окуясында жабыр тарткандар жана 1998-жылы «Кумтөр» алтын комбинатына тиешелүү цианидден ууланган Барскоон айылынын тургундары катышты. Андан тышкары жыйынга Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары, коомдук жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышып, катардагы атуулдардын укугун коргоого өбөлгө түзчү жагдайлар тууралуу маалымат беришти. Жыйындын акырында президент Аскар Акаевге, демократия, укук коргоо жаатында иш жүргүзгөн эл аралык уюмдарга кайрылуу кабыл алынды. Анда Башкы прокуратуранын Аксы окуясы 2001-жылдын 1-августундагы токтомун жокко чыгаруу,окуяга катышкан тартип коргоо кызматкерлерин кайрадан иликтөө, Аксы окуясы тартылган видеотасманы улуттук телеканал аркылуу көрсөтүү жана эл аралык уюмдарга кайрылуу талабы камтылды.

XS
SM
MD
LG