Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

ИРАК ТЕРРОРИСТТЕРИ ТҮРК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНЫН БЕШ АДАМЫН НАБЫТ КЫЛДЫ


Түркия өткөн жуманын аягында Иракта террористтердин буктурмасында өлгөн 5 коопсуздук кызматчысынын аза күтүүсүн өткөрдү.

Өткөн жуманын аягында, Ирактын Мосул шаарында буктурмадан согулган чабуулдун натыйжасында өмүрүнөн ажыраган 5 түрк коопсуздук кызматчысынын денеси Түркияга алынып келип, аскерий жана мамлекеттик жаназа аземдеринин артынан, өз жергелеринде жерге берилди. Тышкы иштер министирлиги, 17- декабрь күнү окуянын артынан билдирүү жарыялап, анда, Түркиянын Багдад баш-элчилигиндеги сакчыларды алмаштыруу планынын негизинде Багдадка карай сапарда болгон, ошондой эле, 8 кишиден турган сакчы командасына, чегарадан 225 чакырым аралыктагы Мосул шаарынын чет жакасында, ким экени али аныктала элек террористтер тарабынан кайчылаш буктурмага алынып ок атылгандыгы; беш сакчы жана 2 ирактык айдоочу өмүрүнөн ажырагандыгы билдирилди. Маалыматка ылайык, буктурма коюулган жерге жакын аралыкта турган америкалык аскерлердин кийлигишүүсүнүн натыйжасында, террористтердин экөөсү өлтүрүлгөн жана, команданы тосуп алыш үчүн кербенге катышкан Түркиянын Багдад башэлчилигинин коопсуздук аташеси жаракат алып, жакын арадагы америкалык ооруканага жеткирилген.

Террористтердин ким экени али аныктала элек; бирок, Түркиянын маалымат каражаттары айрым чалгындоо булактарына таянуу менен, буктурманы Түндүк Иракта баш паанектеп келаткан ПКК жикчил тобуна караштуу куралчан адамдар койгону тууралуу жоромол кабарларды берип жатат. Түркиянын куралдуу күчтөрүнүн курамындагы 1- Армиянын колбашчысы Оргенерал Хуршит Толон, 5 түрк коопсуздук кызматчысынын өлтүрүлүүшү менен байланыштуу АКШнын дарегине кыйгач шилтеме жасап, “бул окуянын биз дос жана шериктеш деп билген бир өлкөнүн көзөмөлү астындагы аймактарда ишке ашкан болушу абдан өкүнүчтүү. Ал аймак ‘карганы баксаң көзүңү чукуйт’ деген накыл сөзгө мисал боло алчу бир аймак. Биз дагы муну эске алдык” деген жымсалдуу сөздөрү менен реакция жасады.

АКШнын Анкарадагы баш элчиси Ерик Еделман, грек-ортодокс чиркөөсүнүн алдыңкы катардагы лидерлеринин урматына банкет уюштурду. Бирок, жолдонгон чакырык каттарда, Түркиядагы грек-ортодокс чиркөөсүнүн патриги Бартхолемеусду ‘экуменик патриарх’ деп аталгандыгы себебтүү, башкаруудагы өкмөт банкетке катышпай койду. Ошондон кийин, Вашингтондо АКШнын мамдепартаментинин басма сөз өкүлү Ричхард Боучхер чыгып сүйлөп, “Түрк өкмөтүнүн бул жоругун эске алдык” деген эле. Жакын арада Ирактын Мосул шаарында ПККнин 5 согушчаны өлтүрүлүп, айрым маалымат каражаттары аларды Сириянын жашыруун кызматынын адамдары өлтүргөндүгү тууралуу билдиришкен эле. Бирок, ПКК уюмунун аскердик канатынын жооптуу жетекчиси Дурмуш Калкан, “ПККнин согушчандарын Түрктөр өлтүрдү, анын өчүн алабыз” деп опуза салган.

Түркиянын тышкы иштер министири Абдуллах Гүл, Ирактын убактылуу өкмөтүнө кайрылып, кылмышкерлердин кармалып жазага тартылуусун талап кылды. Гүл ошондой эле, окуяны териштирүү жумуштарына Түркия дагы ат салышып жатканын билдирди. Дүйшөмбү күнү, уюштурулган мамлекеттик жаназа расмисинде чыгып сүйлөгөндө министир:

“Түркия Ирактын территориалдык жана саясий бүтүндүгүнө ар кимден артык маани берген, Ирака эң көп адамкерчиликтүү жардам кылган өлкө. Тилекке каршы, Түркиянын бул кылган улуулугуна баамы жетпеген кыянат чөйрөлөрү жана чыккынчылар али да болсо бар” деди. Аземге, Президент Ахмет Неждет Сезер, ПМ Режеп Тайып Эрдоган, армиянын штабынын колбашчысы оргенерал Хилми Өзкөк, жана башка бир топ расмий кызматчылар катышты. Премьер- Министир Режеп Тайып Эрдоган анда айткан сөзүндө, “террордун дини, расасы же мекени болбой турганын” баса көрсөттү.:

“Ирак калкы, Ирактын бирмидүүлүгү үчүн колунан келгендин бардыгын жасап келаткан Түркия, бул жакшы ниетинин беделин 80 чамалуу баласын кыюу менен төлөбөш керек эле” деп кошумчалады Режеп Тайып Эрдоган.

XS
SM
MD
LG