Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

ЖҮРӨЛҮЧҮ ЖҮРӨК ООРУТПАЙ…


Тагдырдын жазмышы менен Бишкектеги карылар үйүндө карылык күндөрүн өткөрүп жаткан картаң адамдардын өмүр-көйгөйү жөнүндө сөз...

Мындан он - он беш жылдай илгери карылар үйүндө мусулман атуулу саналуу болчу . Азыр болсо кароосуз калган карылар интернатына түшүшү кадыресе көндүмгө айланды, алардын катары жыл өткөн сайын көбөйүп барат...

Карылар үйүндөгү аксаамай байбичелер менен аксакалдуу кары-картаңдардын аянычтуу абалы коомчулукту түйшөлткөн, көйгөйлүү маселеге айланып турган учур. Анын себебин байкоочулар өлкөдөгү жалпы экономикалык кырдаалдан көрсө, кай бирлери карыларга кайрымдуу болуу ыйманынын кете баштаганы деп карашууда. Ал эми бийлик өкүлдөрү болсо карылар үйүнө түшкөн кары-картаңдар боюнча жекече факторлор да себеп дешет. Ал эми карылар интернатынын жашоочуларынын басымдуу көпчүлүгү карылар үйүнө аргасыздан барууга дуушар болгондугун айтышат.

--Тагдыр ушул болду, анан эмне кылабыз. Кайда барабыз. Оорукчан болгондон кийин, кимге батабыз. Бир тууганга батабы, оорукчан киши. Кудайга шүгүр ушул карылар үйүн ачык койгонуна. Мен атымды айтпай эле коеюн. Бул карылар үйүнө келгениме сегиз жыл болду. Бир кызым бар. Ал иш издеп жүрөт. Оорукчан кары каерге батсын. Бир туугандарыңа да батпайсын. Пенсиямды алсам ооруканага жатат элем.

--Мен Ысык-Көлдөн келгем. Эки көзүм көрбөй калган. Абышкам өтүп кеткенден кийин эле өкмөттүн “детдому” бар экен деп угуп калчумун. Бир тууганыма жалынып-жалбардым. Мени жеткиргиле дедим. Кары кишинин отурганы да өөн болот экен.. Пенсиям бар. Менин балдарым жок. Анан кимдин көзүн карамак элем.

--Мен пенсия алам. Үй-бүлө, бала-бакыра болсо ушул жакка келмек белек. Өзүм сүрөтчүмүн. Атым Акбар.

Ушундай дешти карылар үйүнүн айрым жашоочулары. Алардын алды 80 жаш курактан 90го кадам коюп калгандар. Алар “Өз үйүң, өлөң төшөгүң” демекчи, көпчүлүк жашаган жерде “какаганга муштаган” болуп кыш мезгили улгайып калган курактагы адамдарга бир топ эле кыйынчылыктарды алып келерин айтып отурушту. Бирок өздөрүнүн аты-жөнүн айтууну намыс көрүшүп, бала-бакыра, тууган-туушкандарын жашырып, аларга кеп тийгизгилери келишпейт. Эмнени сураба жакшы дегенден башка сөз айтышпайт.

--Менин атым Калича. Жетимишке келдим го. Бул жерде жакшы жашап жатабыз. Үч маал тамак берет. Көйнөгүбүздү өзүбүз жууп алабыз. Бир бөлмөдө үч-төрттөн болуп жашайбыз. Карыгандарга шарт түзүлгөн. Жаткан жерибиз жылуу. Анан эмне кылсын.

Кимге микрофон сунбайлык баары ушундайча жооп беришти. Ага карап туруп “жарыктык карыларым” деп там бересиң. Жашылданган көз жашын бекитип, жаш баладай эмшиңдеп бул карылар үйүндө жакшы жашап жатабыз дешет. Эмне демек элек, тагдырдын буйругу менен үй-жай мындай турсун, карар-көрөрү жокторго карылар үйү үч маал тамагы бар, жоктон көрө жогору демекчи кол карап калган кары-картаңдар үчүн жылуу жай. Бирок “Карысы бардын ырысы бар” деген нарк насилдүү, карыга карамдуу бол деген тээ ата-бабадан калган чакырык кайда калды? Кейиштүү нерсе ал жерде кайтыш болгон окуялар тез-тез кайталанып турат экен. Андайда ак кепиндеп, жаназасын окуп акыркы сапарга узатуу жагы ойлондурат деди бир карыя:

- Өлүм-житим деген болот экен. Чоң-Арыкта биздин өзүбүздүн көрүстөнүбүз бар экен. Кайтыш болуп кеткендерди көөмүп коебуз. Жаназа окуу же бир башка сөөк коюу каада-салтты колдоно албайбыз. Ушуга абдан өкүнүп кетем.

Айтмакчы карылар үйүндө жашап жаткан, эл журтка аты таанымал адамдардын кайтыш болуп кеткенин уктук. Кантсе да карылар үйүндөгү аксаамай байбичелер менен аксакалдардын карылык курактагы көйгөйлүү тагдырлары олуттуу проблемалардын бири. Канткенде бул абалды жөнгө салууга болот. Ал үчүн эмнелерди жасоо керек. Бул маселеге бийлик өкүлдөрү, саясатчы, депутаттардын пикирлери кандай болду экен? Ысык-Көл облустунун губернатору Токон Шайлиева мындай деди:
--Ыйманы жоктордун кесепетинен карыялар ошол жакка кетип калып атпайбы балдары начар чыгып. Кээ бирлердин балдары же карары жоктор ошол жерди тынч көрүшөт. Мага алардын тагдыры абдан эле аянычтуу. Карылар үйү болот. Бардык жерде болот. Мусулмандардын арасында бул маселе башкача болуш керек эле. Эмне демек элем. Аларга жардам бериш керек.

Айта кетчүү нерсе карылар үйүндө жашап жаткандар өз баштарынан кечирип жаткан бул күндөрдү башка дагы бир кары-картаңдарга ыраа көрүшпөйт. Карыган чакта өз үйлөрүнүн төрүндө отурушун каалашат.

Ушундан соң жаңы жылдык арчанын жанында кобурап отурушкан аксакалдар менен аксаамай байбичелерди кирип келген жаңы жыл менен куттуктап, кандай тагдыр менен бул жерге түшкөндөрүн, аты-жөнүн сураганымда бир кезде элге таанылган, аттуу баштуу адамдардын бар экенин көрдүм. Алардын айтымында айрым кары-картаңдардын карылар үйүнө баруусу соңкү жылдары эрөөн-төрөөн болбой калгансыптыр. Андай карыларга кароосуз калган деген тагдырды ыраа көрбөйсүң.
XS
SM
MD
LG