Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:19

ПИКЕТЧИЛЕРДИН ТАЛАБЫ ПРЕЗИДЕНТКЕ


Бакыт Аманбаев, Бишкек 22-январда Бишкекте пикет улантылды. Нааразылык акциясынын катышуучулары элчилерди шайлоого катыштыруу тууралуу мыйзам долбоорун кабыл алган депутаттарга ыраазычылыгын билдиришип, мамлекет башчы Аскар Акаевден аталган мыйзам долбооруна кечеңдетпей кол коюну талап кылышууда.

Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү мурдагы элчилерин парламенттик шайлоого катыштыруу талабы менен Бишкекте 7-январдан бери нааразылык акциялары уланууда. 22-январда Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы пикетке 30 дай адам чыкты. Буга чейин пикетчилер жалпы эле Кыргызстандын жогорку бийлик бутактарынан мурдагы элчилерди шайлоого катыштырууну талап кылып келишсе, 20-январдан тарта алар мамлекет башчы Аскар Акаевден Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган мыйзам долбоорго кол коюну өтүнө башташты:

-Биздин башкы талаптын ишке ашуусу, мамлекет башчысына байланыштуу. Анткени парламент элчилерге жол ачып берди. Эми бир гана Акаевдин колу калды. Эгерде ал Конституциянын гаранты катары кечиктирбей кол коюп берсе, өлкөдөгү нааразылык акциясы токтойт эле. -

Өз оюн ушундай таризде билдирди пикеттин катышуучусу Эрлан Шакирбеков . Ошондой эле алар аткаруу бийлигинин элчилерди шайлоого катыштырбай, ошол эле мезгилде мамлекет башчы Аскар Акаевдин чет өлкөлүк атуулга турмушка чыгып, соңку бир нече жылдан бери башка өлкөлөрдө жашап, иштеп жүргөн кызы Бермет Акаеваны парламенттик шайлоого талапкер катар каттоосуна нааразылык билдиришүүдө:

-Эмне үчүн бийлик чет өлкөлүк атуулга турмушка чыгып, соңку бир нече жылдан бери башка жакта жашап, иштеген Бермет Акаеваны шайлоого катыштырууда?. Ал эми мурдагы элчилерди шайлоого катыштырбай жатат. Бул адилетсиздик. -дейт Азамат Мамбетов.

Ал эми Роза Отунбаеваны коргоо комитетинин жетекчилеринин бири, укук коргоочу Азиза Абдрасулова болсо, бир нече күндөн бери нааразылык акциясы уланып жатса да аткаруу бийлигинин бир дагы өлкүлү жаныбызга басып келген жок дейт:

- Бир нече күндөн бери бир дагы бийлик өкүлү бул жерге келген жок. Бийлик элге кызмат кылыш керек. Элдин үнүн алар угууга милдеттүү. Алар өз милдеттерин аткарбай жатышат.-

Кыргызстандын Баш мыйзамына ылайык Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган мыйзам долбоору мамлекет башчы кол койгон күнү гана күчүнө кирет. Соңку бир нече күндөн бери өлкөдө өтүп жаткан нааразылык акциясын токтотууга багытталган бул мыйзам долбоору боюнча азырынча аткаруу бийлиги кандайдыр бир билдирүү жасай элек. Ошондой эле биздин бул мыйзам долбоору боюнча президенттик админстрация өкүлдөрүнөн жана президенттин маалымат кызматынан жооп алуу аракетибизден натыйжа чыккан жок. Ал эми буга чейин БШК төрагасы Сулайман Иманбаев «Азаттыктын» кабарчысына мамлекет башчы элчилерди шайлоого катыштырууга уруксат берген мыйзамга кол койбой коюшу ыктымалдыгын билдирген:

- Президент коомдук пикирге же көчөдөн болгон басымга моюн сунуп эле бул мыйзамга кол коюп койбосо, мамлекет башчы бул мыйзамга кол койбой коюга укугу бар. -

БШК төрагасы Сулайман Иманбаев мына ушундай мазмундагы пикирин билдирди.
Ал эми пикетчилер болсо эгерде мамлекет башчы бул мыйзам долбооруна кол койбосо, нааразылык акцияларын уланта тургандыгын билдиришти.

XS
SM
MD
LG