Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:16

Иракта барымтага алынган сегиз кытай бошотулду


Иракта барымтага алынган сегиз Кытай жараны бошотулду. Ал тууралуу бүгүн Иракта видео көрсөтүлдү жана чүмбөт кийип, анда сүйлөгөн адам кытай жетекчилигин мактады: "Кытай жетекчилиги өз жарандарына Иракка барбагыла деп эскерткенден кийин, сегиз кытайлык туткун бошотулууда. Аларга эч кандай зыян тийген жок жана Кытай өкмөтү эч кандай кун төлөгөн жок". Багдад шаарындагы Кытай элчилиги туткундар бошогонун тастыктады. Апта башында согушкерлер атайын жарыя жасап, эгер Бээжин өз жарандарына эскертүү жасабаса, барымтадагылардын башы алынат деп билдирген.

XS
SM
MD
LG