Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:21

БИРИККЕН УЛУТТАР УЮМУНУН АТАЙЫН ЖЫЙЫНЫ АУШВИЦ КОНЦЛАГЕРИНИН КУРМАНДЫКТАРЫН ЭСКЕРЕТ


Кубат Оторбаев, Прага 24-январда Бириккен улуттар уюмунун атайын сессиясында Аушвиц (Освенцим) концлагерин фашисттерден бошотуунун 60 жылдыгы белгиленет. 1945-жылы 27-январда советтик кызыл армия Польшанын аймагындагы бул эң канкор конлагерди алып, он миңдеген жөөт тутундарын боштондукка чыгарган. Израилдин Бириккен улуттар уюмундагы өкүлүнүн айтымында Аушвицти бошотуунун мындай жогорку деңгээлде белгиленип жатышы БУУ менен Израилдин акыркы жылдарда салкындап кеткен мамилесин жакшыртуудагы көрүнүктүү окуя болуп калмакчы.

Польшанын аймагындагы Освенцим шаарын нацисттик баскынчылар Аушвиц деп кайра атап салышкан жана ал жерде Экинчи дүйнөлүк согуш убагында уюштурулган концлагерде бир жарым миллиондой жөөттөрдүн өмүрү кыйылган. Ал окуя бир эле жөөт элинин эле эмес, жалпы адамзаттын тарых барагында эң кандуу күндөр катары жазылып калган. Ошол себептен Бириккен улуттар уюму аны 24-январда атайын сессияда белгилөө тууралуу чечим кабыл алган.

Өткөн шаршембиде Улуттар уюмунун баш катчысы Кофи Аннан андай кандуу калабалар кайра кайталанбашы үчүн бул датаны белгилөө туура экендигин айтты:

– Мындан 60 жыл мурда ал лагерде кармалган алты милиондой жөөттөрдүн жана башка элдердин таш-талканын чыгарып, бүгүн да биздин эсибизди эки кылып жаткан ал окуяны баарыбыз эстеп, ойлонуп жана сабак алыш үчүн бул датаны белгилөө өтө маанилүү. Ал окуялар биз жеңил-желпи эле эсибизден чыгарып, унутуп кое турган нерсе эмес. Ар бир муун андай каргашанын кайталанбашы үчүн дайыма сак болууга тийиш.

Бириккен улуттар уюмунун атайын сессиясына Израилдин, Германия, Польша жана Франциянын тышкы иштер министрлери катышаары кабарланды. Ал эми мындай жыйын өткөрүү демилгесин Кошмо Штаттары, Европа биримдиги, Орусия, Австралия, Канада жана Жаңы Зеландия көтөрүп чыккан. Аны уюмга мүчө 191 мамлекеттин 150дөн ашууну колдоого алган.

"Мындай жыйындын өтүшү баарыдан мурда Судандын Дарфур аймагында он миңдеген адамдардын канына колун булгаган күчтөргө чоң сабак болууга тийиш", - деди Бириккен улуттар уюмунун президенти Жин Пиң оф Габон:

– Кандуу окуяны эскерип, “эч убакта мындай кайталанбасын!” деп катуу айтуу биздин милдетибиз. Менин ишенимимде бул Бириккен улуттар уюмунун максаттарына жана принциптерине туура келет жана биздин адам укуктарын урматтоо милдеттерибизди жандандырат.

Соңку убакта Бириккен улуттар уюму адам укуктарын коргоо уюмдары тарабынан Дарфурдагы кыргынды токтотуу боюнча жакшы иш-чараларды жасабай жатат деп сынга алынып келатат.

Кофи Аннан Дарфурдагы жагдайды иликтөө үчүн атайын топ түзгөн жана анын ишинин жыйынтыгы жакын арада белгилүү болот. Аннан 50 миңдей адамдын өмүрүн кыйып, дагы жүз миңдеген адамдарды үй-жайынан ажыраткандар Эларалык сот алдында жооп берүүгө тийиш деген пикирде.

Ал эми Бириккен улуттар уюмунун атайын жыйынына келе турган болсок бул - Израиль үчүн өзгөчө окуя болуп жатат. Анткени Улуттар уюму буга чейин Израилге байланыштуу маселени караганда аны Палестинага жасаган мамилеси үчүн дайыма сынга алып келген.

Мындан тышкары Бириккен улуттар уюму 1975-жылы сионизмди улутчулдуктун ашачапкан формасы катары айыптаган болчу. Ал чечимин Улуттар уюму 1991-жылы Кошмо Штаттарынын күчү менен кайра жокко чыгарган.

Израилдин уюмдагы өкүлү Дан Гиллерман Аушвиц концлагерин бошотуунун 60 жылдыгынын атайын белгиленип жатышы Жакынкы Чыгыштагы абалды жакшыртууга чоң салымын кошот деген пикирин айтты.

Ал эми нацисттик Германиянын ал кыргынынан аман калып, азыр Аушвиц боюнча комитеттин вице-президенти кызматын аркалаган Роман Кент мындай жыйындын өтүп жатышы Бириккен улуттар уюму үчүн өтө маанилүү окуя экендигин белгиледи.

Аушвиц концлагериндеги апааттан аман калган эки миңдей адам 27-январда советтик армия мындан 60 жыл илгери бошоткон түштүк Польшанын аймагында ал жеңишти белгилегени турушат.

XS
SM
MD
LG