Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:11

Матраимовдун бир нече мүлкү сатыкка коюлду


Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, Азербайжандан кармалып, Бишкекке алып келинген Райымбек Матраимовдун бир нече мүлкүн аукционго койду.

Ал мүлктөр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) уюшкан кылмыштуу топторго жана коррупцияга каршы күрөшүнүн алкагында мамлекетке өткөн.

Ага ылайык, Бишкек шаарынын Жукеев-Пудовкин жана Аалы Токомбаев көчөсүнүн кесилишиндеги “Эгиз мунара” деп таанылган имараттын 14-кабатында жайгашкан жалпы аянты 773,8 чарчы метр кеңсе эмеректери менен аукционго коюлган. Анын баштапкы баасы көрсөтүлгөн эмес. Мындан сырткары Ош шаарындагы Төлөйкөн кичи районунда жайгашкан “Ихлас” курулуш компаниясындагы жалпы аянты 5085 чарчы метрди түзгөн коммерциялык имараттар бар. Анын баштапкы баасы 682 млн 550 000 сом деп бааланган. Ош шаарынын Масалиев көчөсүндө жайгашкан “Имарат Стиль” компаниясына тиешелүү жалпы аянты 1400 чарчы метр “ИМПЕРИАЛ” коммерциялык имараты сатыкка коюлуп, баштапкы баасы 149 млн 825 000 сом деп көрсөтүлгөн.

Буга чейин ушул жылдын февраль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамелкеттик комитети (УКМК) Райымбек Матраимовдун 34 млн 810 500 долларлык (3 млрд 98 млн 134 миң сом) кыймылсыз мүлкү мамлекеттин менчигине өткөнүн билдирген. Анын ичинде Бишкек жана Ош шаарындагы кымбат үйлөр, коммерциялык имараттар, Чүй жана Ош облусундагы эки бажылык каттоо жери көрсөтүлгөн. Буга улай Ош облусунун Кара-Суу районунда Райымбек Матраимовго тиешелүү 26 кыймылсыз мүлк камакка коюлганы белгилүү болгон.

Аукционго коюлган мүлктөрдүн арасында Ош облусунун Ибраимов көчөсүндө жайгашкан AmanatResidence деп аталган турак жайдан жалпы аянты 2300,71 чарчы метрди түзгөн коммерциялык жай бар. Анын баштапкы баасы 251 433 092 сомго бааланган.

Мындан сырткары Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги Бишкектин Чүй 158 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 5878,3 чарчы метрди түзгөн "Ай-Пери" бизнес борборун, Чолпон-Ата шаарындагы "Ак-Марал" эс алуу борборун, Таш-Көмүр шаарындагы "Кристалл" заводунун мүлкүн, "Баткен-комфорт" базарына караган 2,9 гектар жер тилкени түзгөн "Бишкек жүк ташуучу автотранспорттук ишкананы", Чолпон-Ата шаарындагы "Зодиак" эс алуу борборун сатыкка чыгарган.

Аукционго коюлган мүлктүн толук тизмеси бул жерде.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиги апрель айынын ортосунда дагы 2023-жылы Бишкекте атайын операцияда жок кылынган кримтөбөл Камчы Көлбаев менен абакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовдун бир нече мүлкүн аукционго чыгарган.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген.

Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Эркиндигинен мыйзамсыз ажыратуу” жана “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу/адалдоо” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

27-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен да кине коюлган. Райондук сот аны 26-апрелге чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алган. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Матраимовдун бөгөт чарасы каралып, ал 26-июнга чейин камакта калтырылды.

Азербайжандан мурдагы бажычынын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор дагы кармалган. Ош шаардык соту мурдагы бажычынын агасы Тилек Матраимовду бир айга, инилери Руслан жана Исламбек Матраимовдорду 18-майга чейин камаган. Кара-Суу районунун экс-акими Тилек Матраимов 26-апрелде үй камагына чыккан.

2021-жылы УКМК Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген.

Ал күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2023-жылы 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев былтыр 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG