Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

Орусияда америкалык аскер кызматкери камакка алынды


Владивосток. Иллюстрациялык сүрөт.
Владивосток. Иллюстрациялык сүрөт.

Орусияда америкалык аскер кызматкери кармалганын бүгүн 7-майда Владивосток шаарынын Биринчи Май райондук соту билдирди. Мекеменин басма сөз катчысы Елена Оленеванын айтымында, АКШнын штабдык сержанты Гордон Блэк 2-июлга чейинки мөөнөткө камакка алынды.

Ага «жаранга олуттуу зыян келтирген уурулук» деген айып коюлганын "Коммерсант" басылмасы жазды. Бул берене боюнча жаза чарасы – беш жылга чейин эркинен ажыратуу.

NBC News маалымдагандай, Түштүк Кореяга иш сапарга жөнөтүлгөн Гордон Блэк АКШга кайтар алдында Владивостокко жеке иштери менен барган. Ал 2-майда кармалганы, азыр тергөө абагында отурганы, үй-бүлөсүнө окуя тууралуу маалымат берилгени маалымдалды.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин Владивостоктогу башкармалыгы америкалык жарандын кармалышында тыңчылык маселеси жок экенин билдирди.

Блэк Москва менен Вашингтон ортосунда мамиле чыңалып турган учурда Орусияда ар кандай себеп менен кармалган америкалык жарандардын тизмесин толуктады. Алардын арасында тергөө абагында отурган журналисттер – «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кабарчысы Алсу Курмашева, The Wall Street Journal басылмасынын кабарчысы Эван Гершкович, 16 жылга эркинен ажыратылган жаран Пол Уилан бар.

2023-жылдын сентябрында АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалыктарды Орусияга баруудан карманууга чакырган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG