Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:50

Спикер менен министр Сузактагы окуядан жабыр тарткан балдардан кабар алды


Нурланбек Шакиев менен Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында балдарды көрүп жатат. 7-май, 2024-жыл.
Нурланбек Шакиев менен Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасында балдарды көрүп жатат. 7-май, 2024-жыл.

7-майда Бишкекте Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев менен саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жалал-Абад облусунун Сузак районунда унаа сүзүп кеткен балдардан кабар алды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Шакиев жасалып жаткан иштер боюнча Бишкек шаардык клиникалык тез жардам ооруканасын башкы дарыгери Акылбек Мамановдон маалымат алып, балдарга төраганын резервдик фондунан да каржылык жардам көрсөтүлөрүн билдирди.

Маалыматта айтылгандай, азыркы тапта жабыр тарткан 10 бала аталган ооруканада дарыланууда. Анын ичинен төрт бала кайра жандандыруу бөлүмүнө, алты бала травматология бөлүмүнө жаткырылган.

Жалал-Абаддагы ооруканада жаткан дагы 9 баланын бешөөнүн абалы орточо оор, калгандары канааттандырарлык деп бааланууда.

2-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Жерге-Тал айылында “Манас айтуу” фестивалында дөңдөн ылдый жылган “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү машине иш-чарага катышып жаткан балдарды коюп кеткен. 3 миң окуучунун 30дан ашыгы жабыр тартып, алардын көбү ооруканага түшкөн. Балдардын ону атайын борт менен Бишкекке жеткирилип, айрымдарына операция жасалды.

Милиция Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 2-бөлүмү (Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу) менен иш козгогон. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, автоунаанын 48 жаштагы айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга камалган. Ал үй камагына чыкканы 5-майда белгилүү болду.

Автоунаа Жерге-Тал айылынын тургунуна таандык. Ал кароо-сынакка катышып жаткан балдарга балмуздак таркатуу үчүн барганы маалымдалды. Айдоочу машинени өчүрбөй токтотуп, түшүп кеткен мезгилде машине кокусунан жылып кеткенин айтып берген.

Окуяны мекемелер аралык комиссия иликтеп, аймактагы милиция жетекчилери кызматтан алынып, айрым кызматкерлер тартиптик жазага тартылды. Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы да жумуштан убактылуу четтетилди.

Катуу жабыркаган беш баланын үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 200 миң сомдон, башка жаракат алган балдарга 50 миң сомдон бөлүнгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG