Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:05

Бекешев Ататүрк паркындагы үйлөр боюнча мэрияга кайрылды


Дастан Бекешев.
Дастан Бекешев.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги Ататүрк сейил багындагы үйлөрдү түрттүрбөө өтүнүчү менен мэрияга кайрылды. Бул тууралуу өзүнүн Telegram каналында жазды.

Бекешов парктын аймагына бир канча жылдар мурда салынган үйлөрдү бузуунун кажети жоктугун, анын ордуна салык салган жакшы болорун белгиледи. Ал үйлөрдүн айрымдарын тургундар биринчи колдордон сатып алганын кошумчалап, алардын укуктарын эске салды.

16-апрелде апрелде Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев Ататүрк паркынан жеке жактарга жер берүү боюнча мэриянын буга чейинки 124 токтому жокко чыгарылганын билдирген. Ушу тапта сейил бакта мыйзамсыз курулган 198 объект бар деп эсептелген.

Kloop.kg менен OCCRP уюмунун журналисттери 2000-жылдан 2008-жылга чейин Ататүрк паркынын аянты кыскарып, жер тилкеси кантип жеке колго өтүп кеткенин иликтешкен. Ачыкка чыккан маалыматтарга караганда, жер алып, үй салгандардын арасында мурдагы жана азыркы аткаминерлер бар.

25-апрелде ал жердеги үйлөрдүн жана жер тилкелердин ээлери маалымат жыйын өткөрүп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Алар кезинде аталган эс алуу багындагы тилкени мыйзамдуу сатып алганын айтып, алардын менчикке болгон укугун эске алууга чакырышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG