Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:52

Бишкек мэри: Ататүрк паркынан жер берүү боюнча чыккан буга чейинки 124 токтом жокко чыгат


Ататүрк сейил багындагы турак жайлар. 15-апрель, 2024-жыл.
Ататүрк сейил багындагы турак жайлар. 15-апрель, 2024-жыл.

Бишкек шаарынын мэриясы Ататүрк паркындагы курулуштарды сүрдүрүү чечимин кабыл алды. Аны мэр Айбек Жунушалиев 16-апрелде журналисттерге билдирди. Мэрдин сөзүнө караганда, бул чечим менен мэриянын буга чейинки жер берүү боюнча чыккан 124 токтому жокко чыгарылды.

"Жалпысынан парктын аймагына курулган 198 объект тууралуу сөз болууда. Башында 150 болчу, андан кийин 168 болду, акыркы такталган маалыматтар боюнча 198 объект болуп чыкты. Чечимге ылайык, булардын баары мыйзамсыз. Айрым иштер боюнча биз сотко берип, чечим чыгарабыз. Азыркы тапта сейил бакта салынып, эл жашап жаткан үй ээлерине билдирүүлөр берилүүдө. Алар үйлөрдү муниципалитеттин менчигине өз каалоосу менен өткөрүп бериши керек болот. Болбосо сот органдары жана дагы башка укук коргоо органдары аркылуу ишке ашырабыз”, - деди калаа башчысы.

Жер тилкелерин берүүдө кол коюп, уруксат берген ошол кездеги жетекчилердин да жоопкерчилиги карала турган болду. Бул боюнча прокуратура органдарына кайрылуу болуп жатканын кошумчалады.

Жунушалиев парктын аймагында мыйзамсыз курулган кыймылсыз мүлктү тазалоо маселесинде муниципалитет Кыргызстандын колдонуудагы мыйзамдарынын чегинде иш алып барарын билдирди.

Бишкек шаардык мэриясы Ататүрк паркын баштапкы калыбына келтирүү үчүн паркка таандык 43 гектар жерди кайтарууну көздөөдө. Ага ылайык, Бишкек шаардык мамлекеттик администрациясынын 1992-жыл, 25-июндагы № 225 “СССРдин 50 жылдыгы “сейил багынын аймактарын сейил бактардын жана эс алуу зоналарынын шаардык бирикмесине утурумдук күтүү жана көрктөндүрүү үчүн пайдаланууга берүү жөнүндө” токтому менен бекитилген, Мустафа Кемал Ататүрк атындагы аянты 107 гектарды түзгөн сейил бактын чек араларын бекитүү боюнча токтомго кол койгон.

Kloop.kg менен OCCRP уюмунун журналисттери 2000-жылдан 2008-жылга чейин Ататүрк паркынын аймагы азайып, жер тилкеси кантип жеке колдорго өтүп кеткенин иликтешкен. Ачыкка чыккан маалыматтарга караганда, мурдагы мэрлер Медетбек Керимкулов, Данияр Үсөнов, Арстанбек Ногоев жана Нариман Түлеевдин тушунда эки жүзгө жакын адам жер тилкесин алышкан. Алардын катарында мурдагы министрлер: Болот Абилдаев, Ильяс Давыдов, Мустафа Кидибаев, Курманбек Осмонов, Калыкбек Султанов, Турсун Турдумамбетов, Абдылда Суранчиев, Өмүрбек Кутуев, Кеңешбек Дүйшөбаев, Александр Костюк; мурдагы премьер-министр Апас Жумагулов, мурдагы премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин апасы Мария Нанаева, Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Нариман Түлеев менен Кубанычбек Кулматовдун аталары Ташполот Түлеев менен Кеңешбек Кулматов, мурдагы президент Сооронбай Жээнбеков, ошондой эле мурдагы депутаттар, соттор, прокурорлор жана башка аттуу-баштуу адамдар бар.

“Арча демилгелери” коомдук фонду Бишкекте 2014-2021-жылдар аралыгында 479 гектар жашыл аймак жоголгонун аныктаган. Адистер буга суунун жетишсиздиги, бак-дарактардын каралбай калганынан тышкары мыйзамсыз курулуштар да себеп болгонун айтышат. Бул беш жүз гектарга жакын жашыл аймактын ичинде Ататүрк сейил багынын 43 гектары да бар.

Бишкек шаарында азыркы учурда 250 миңдин тегерегинде гана бак-дарактар калды. Бул шаардын жалпы аянтынын 10% да түзбөйт.(KS/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG