Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:20

Аксыда сел жүрдү


Жалал-Абад шаарындагы суу каптаган үй. 16-апрель, 2024-жыл. Сүрөт ӨКМге таандык.
Жалал-Абад шаарындагы суу каптаган үй. 16-апрель, 2024-жыл. Сүрөт ӨКМге таандык.

15-16-апрель күндөрү жааган жаандан улам Аксы районундагы алты-жети айылды суу каптады. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлагандай, суу айылдардагы жолдорду жана үйлөрдү каптаган.

Маалыматка ылайык, 15-апрелде саат 19:30 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Аксы районунун Аркыт айылында Сарай-Сай сайынан сел жүргөн. Суу ички чарбалык жол менен сайдын кесилишинде орнотулган бетон алкактан ашып, эки үйдүн короо-жайын каптаган.

Ошол эле күнү саат 22:00 чамасында жаап өткөн жамгырдын кесепетинен Аксынын Жүзүмжан айылында Эшме-Сай жана Бөктөр сайларынан сел жүрүп, Кара-Жыгач-Кара-Суу ички чарбалык унаа жолун үч жерден каптаган. Жол каттам учурда бир тараптуу ачык. Мындан сырткары Тор-Камыш айылында эки үйдүн короо жайын каптап өткөн. Үйлөргө зыян келтирилген эмес.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги каарлагандай, нөшөрлөп жааган жаандан кесепетинен Жалал-Абад шаарында суу каптап жатат. Ички арыктарга суу толуп, турак жайлардын короолорун жана көп кабаттуу үйлөрдүн жертөлөсүн суу каптаган. Министрликтин Жалал-Абад шаардык башкармалыгынын кызматкерлери сууну сордуруп, коопсуз жайга чыгарып жатканы маалымдалды.

ӨКМ 15-16-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаанга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде сел жүрүшү ыктымал экенин эскерткен.(ZKo)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG