Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:39

Стокгольмдо Сириядагы аскердик кылмыштар боюнча иш карала баштады


Стокгольм аймактык соту. 15-апрель, 2024-жыл.
Стокгольм аймактык соту. 15-апрель, 2024-жыл.

Сириянын мурдагы бригадалык генералы, учурда Швецияда жашаган Мухаммед Хамо швед бийлиги тарабынан аскердик кылмыштарга жардамдашууга айыпталган. Ал өмүр бою түрмөгө камалышы ыктымал экенин France-24 жана AFP маалымат агенттиктери билдиришти.

Сот залында Мухаммед Хамо айыптоо корутундусун окуп жаткан прокурор Каролина Висландерди кунт коюп угуп отурду деп жазышты отурумга катышкан журналисттер.

Прокурор Висландер сириялык генерал Хамо Сирия армиясынын согуштук аракеттери өнүгүшүнө кеңештери, аракеттери менен салым кошконун билдирди.

Сот май айынын аягына чейин созулары айтылууда.

Сирияда президент Башар Асаддын режимине каршы чыккан оппозициялык топтордун, анын ичинен өздөрүн "Ислам мамлекети" деп атап алышкан террордук топтордун согушу 2011-жылкы нааразылык акцияларынан кийин башталган.

Согушта жарым миллиондон ашуун адам өлүп, миллиондогон адамдар башка өлкөлөргө качууга аргасыз болгон. Согуштан Сириянын экономикасы жабыркап, инфратүзүмү талкаланган.

Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетинин 2018-жылдагы маалыматында, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына кыргызстандык 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон.

"Ислам мамлекети" террордук уюмуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG