Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:32

Зордукталган наристе дарыгерлерге өткөрүп бериле электиги айтылды


Кара-Суу району. Нааразылыкка чыккандар.
Кара-Суу району. Нааразылыкка чыккандар.

Ош облусунун Кара-Суу районунда зордуктоого кабылган наристе кыз дарыгерлердин көзөмөлүнө өткөрүп берилбей жатканына нааразы болгондор бүгүн, 15-апрелдин кечинде райондук прокуратурага арызданышты. Бул тууралуу алар «Азаттыкка» билдиришти.

40тан ашуун жергиликтүү тургун прокуратура имаратынын алдына чогулуп, кызды апасы менен дагы эле милиция имаратында кармап турушканына нааразылыгын айтышты. Прокуратура кызматкерлери алардын арызын кабыл алып, териштирүү жүргүзүлүп жатканын кабарлашты.

Андан соң нааразы болгон топ милиция имаратынын алдына чогулду. Алар кызды ооруканага жаткырууну талап кылышты. Милиция бул боюнча маалымат бере элек.

Окуя Отуз-Адыр айылында бүгүн эртең менен болгон. Күбөлөрдүн айтымында, 5 жашар кызды 31 жаштагы киши зордуктаган.

Кылмышка шектүү киши камакка алынганын Ош облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Шектүүгө каршы кыздын атасы арыз жазган.

Башкы прокуратуранын расмий маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2023-жылы балдарга каршы 1 832 кылмыш жасалган. Мунун ичинен 478и Бишкекте, 427и Чүй облусунда, 220ы Жалал-Абадда, 225и Ош облусунда, 177и Ош шаарында, 119у Ысык-Көлдө, 89у Баткенде, 58и Нарында жана 39у Таласта катталган.

Кыргызстандын акыйкатчысы 2022-жылы өлкөдө жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, териштирүү этабында калган. (DSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG