Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:57

Грузияда «чет элдик агент» мыйзамы талкууланып жатканда мушташ чыкты


Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 2024-жыл, 15-апрель.
Окуя болгон жерден тартылган сүрөт. 2024-жыл, 15-апрель.

Грузияда бүгүн, 15-апрелде «чет элдик агент» тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда мушташ чыкты. Грузин парламентинин юридика комитетинде оппозициялык «Жарандар» партиясынын лидери Алеко Элисашвили парламенттик көпчүлүктүн өкүлү, бийликтеги «Грузин кыялы» башкаруучу партиясынын лидерлеринин бири Мамука Мдинарадзе менен мушташа кетти.

Оппозиционер саясатчы Элисашвили трибунада депутаттардын суроолоруна жооп берип жаткан Мдинарадзени бетке уруп, андан ары экөө коридорго чыгып мушташканын журналисттер жазышты.

Депутат Элисашвили: «Мен дайым «Грузин кыялы» менен адамча сүйлөшкөнгө аракет кылчумун, а алар бизди Орусияны көздөй жетелеп баратышат… Азыр үйдө отура турган кез эмес, көчөгө чыгуу керек. Биз аларды орусиялык мыйзамы менен кошо ыргытып салышыбыз зарыл», - деп айтты.

Окуядан улам үзгүлтүккө учураган комитет жыйыны жарым сааттан кийн кайра уланды. Комитет төрагасы Анри Оханашвили оппозицияга кайрылып, Элисашвилинин жоругуна баа берүүгө чакырды жана «бул жерге келип кандай гана чагым кылганга аракет кылчу болсоңор, эң катуу жооп берилет» деп эскертти.

Мдинарадзе Элисашвилини «эркектей болгон жок» деп айыптады.

Орусиянын оппозицияны, жарандык коомду жана журналисттерди чектеген «чет элдик агент» мыйзамын туураган деп грузин оппозициясы айыптап жаткан «Чет өлкөлүк таасирдин ачыктыгы» деп аталган мыйзам долбоорун бийликтеги партия сунуштоодо. Оппозиция ага каршы чыгууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG