Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:17

Президент Илимдер академиясына реформа керек экенин айтты


Улуттук илимдер академиясы.
Улуттук илимдер академиясы.

Президент Садыр Жапаров 13-апрелде Улуттук илимдер академиясына пландан тышкары барган максаты тууралуу "Кабар" улуттук маалымат агенттигине кыскача маек курду. Мамлекет башчы илимдер академиясын реформалоо зарыл экенине ал жакка барганда дагы бир жолу ынанганын айткан.

"Коңшу мамлекеттер космоско учабыз деп жатышат. Биз болсо велосипед чыгара албайбыз. Ошондуктан Улуттук илимдер академиясын болушунча максималдуу түрдө иштетели деген планыбыз бар. Бизде 39 академик бар экен. Баягы эле китеп жазуу, айыл чарбалык иштерин изилдөө, кен-байлыктарды изилдөө сыяктуу майда-чүйдө иштер менен алек болушат экен", - деген президент Илимдер академиясын сактап калып, бирок макамын, мазмунун жана формасын өзгөртүү зарыл экенин билдирди.

Садыр Жапаров эки жыл мурун жарлык менен ишке киргизген "Эл үмүтү" аттуу долбоор таланттуу жаштарды дүйнөдөгү алдыңкы 100 университетте окутуп, илим жаатына салым кошууга багытталганын кошумчалады. Президент Илимдер академиясы да ушул сыяктуу демилгелерди колго алуусун талап кылды.

13-апрелде Садыр Жапаров Улуттук илимдер академиясына пландан тышкары барган. Мамлекет башчы кызматкерлердин иш шарттары менен таанышып, илимий ишмерлер, академиянын жетекчилиги менен сүйлөшүп кайткан.

Кыргызстандагы Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме өткөн кылымдын 50-жылдарында негизделген. Учурда академияга караштуу 20 илимий мекеме бар. Жалпы 1 575 киши эмгектенсе, анын 880ден көбү илимий кызматкер. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин ага улуттук деген макам берилген.

Институттун ишмердиги сынга алынып, бул тармакты реформалоо зарылдыгы айтылып жүрөт. Буга чейин бул жайга барган Садыр Жапаров Илимдер академиясы музейге эмес, иш кайнаган жерге айланышы керек экенин белгилеген. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG