Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Барак эксклавынан көчүп чыккандарга мамлекет турак жай салып берет


Барак эксклавынын тургундары Кара-Сууга көчүп жатат. Апрель, 2024-жыл
Барак эксклавынын тургундары Кара-Сууга көчүп жатат. Апрель, 2024-жыл

Кыргызстандын Өзбекстандагы Барак эксклавынан көчүп чыккан кыргыздарга мамлекет турак жай куруп берет. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, жаңы айыл Өзбекстан менен Барак айылына айырбашталган жерге салынат. Ал жер Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө карайт.

"Турак жайлар Өзбекстан менен алмашылган 208 гектар жерге салынат. Учурда бул жердин долбоору толук иштелип чыкты. Мындан сырткары көчүп келген жарандарыбыздын үлүш жерлери да жетиштүү берилет. Биз мамлекет башчы менен сүйлөштүк, учурда каражат маселесин чечип берди. Жалпы 270 млн сом бөлүндү", - деди Жантаев.

Анын сөзүнө караганда, барактыктарга курулуучу турак жайлар 31-августка чейин бүткөрүлөт.

Өзбекстандын аймагындагы Барак эксклавында 98 турак жай, сегиз социалдык имарат болгон. Эксклавдагы кыргызстандык жарандарды көчүрүп чыгуу иштери 14-апрелде аяктады.

Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караган Барак айылы Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Төбө районунда жайгашкан.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация жараяны жыйынтыкталганын президент Садыр Жапаров 2023-жылы 27-январда өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Бишкекке мамлекеттик сапар менен келгенде айткан. (DSh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG