Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:10

ТИМ: Москвадагы калайман мушташка катышкандар арасында кыргызстандыктар жок


Орусия. Мигранттарды текшерүү. Архивдик сүрөт.
Орусия. Мигранттарды текшерүү. Архивдик сүрөт.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусиянын борбору Москва шаарында курулуштагы калайман мушташка катышкан мигранттардын арасында Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирди.

Орусиялык жалпыга маалымдоо каражаттары жазгандай, 14-апрелде Москвадагы “Метроном” курулуш объектисинде өзбекстандык жана тажикстандык мигранттар курулуш материалын талашып уруша кетишкен. Алар эки жаат болуп бири-бирине таш ыргытып, 20 адам милицияга жеткирилген. Мушташтан эч ким катуу жаракат алган эмес.

“Крокус Ситидеги” кандуу калабадан кийин Орусияда борборазиялык мигранттарды текшерүү күчөдү.

Кыргызстандын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстандын 651 485 жараны чет өлкөдө эмгек миграциясында жүрөт. Анын басымдуу бөлүгү - 408 448 адам Орусияда миграцияда.

Болжол менен дагы ушунча кыргызстандык адам орус жарандыгын алган деп эсептелет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG