Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:43

Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов бир айга камалды


Максат Сазыкулов.
Максат Сазыкулов.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкуловду 11-майга чейин камакка алды. Мындай токтомду райондук сот 13-апрелде чыгарган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Максат Сазыкулов “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен кармалганын 15-апрелде расмий билдирди.

Ага шаардан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин мыйзамсыз берген, аянтты көрктөндүрүүгө жумшалган каражатты ашыкча көрсөткөн деген айыптар коюлууда. Аны менен кошо дагы бир ишкер кармалып УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Максат Сазыкулов буга чейин мэрияда ар кандай кызматтарда иштеп келген. 2021-жылдан 2022-жылга чейин Бишкек мэринин экономикалык маселелер боюнча орун басары болгон. 2023-жылы октябрь айында вице-мэр кызматына дайындалган. Анын адвокаттары менен жакындары коюлган айып боюнча комментарий бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG