Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Пакистанда үч күндө жаратылыш кырсыгынан кеминде 36 адам каза тапты


Пакистан.
Пакистан.

Соңку үч күндө Пакистанда нөшөр жаандан кийин сел каптаган, чагылган түшкөн аймактарда кеминде 36 адамдын өмүрү кыйылды. Бул тууралуу бүгүн 15-апрелде өкмөттүн басма сөз кызматы билдирип, каза болгондордун көбү айыл тургундары экенин маалымдады.

Түзүлгөн кырдаалдан улам Пакистандын түштүк-батышында өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Өлкөнүн чыгыш аймагындагы Пенжаб провинциясынын жаратылыш кырсыктарына каршы башкармалыгынын өкүлү Арфан Катиянын айтымында, каза болгондордун көбү талаада буудай оруп иштеп жатканда чагылган тийген фермерлер жана сел каптаганда үйү кыйраган жергиликтүү тургундар.

Адистер бул аптада да Пакистанда нөшөр жаан көп жаай турганын эскертип жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG