Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:18

Трампты каржы алдамчылыгына айыптоо иши боюнча сот отуруму өтөт


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Бүгүн 15-апрелде Нью-Йоркто сот арачылары мурдагы президент Доналд Трампка коюлган каржы алдамчылык айыбы боюнча сот отурумуна чогулушат. Бул АКШ тарыхында мурдагы президенттин үстүнөн уюштурулуп жаткан алгачкы сот жараяны.

Соттун өкүмү Трамптын президенттик шайлоого катышуусуна да, эгер ал негизги атаандашы болгон азыркы президент, демократ Жо Байденди утса, мамлекет башчылык кызматка киришүүсүнө да тоскоолдук боло албайт.

Reuters/Ipsos сурамжылоосунун соңку жыйынтыгы көрсөткөндөй, соттун өкүмү шайлоочулардын тандоосуна чечүүчү таасир тийгизиши мүмкүн. Каттоодон өткөн шайлоочулардын арасынан бул сурамжылоого катышкандарынын 64% Трампка коюлган айыпты «кайсы бир деңгээлде олуттуу» деп, ал эми 34% «олуттуу эмес» деп аташкан.

Иш Нью-Йоркто Манхэттендин кылмыш сотунда каралууда. Тергөө Трамп 2016-жылкы шайлоо алдында порноактриса Сторми Дэниэлстин оозун жабуу үчүн адвокаты аркылуу 130 миң доллар бергенин, бирок аны жактоочунун юридикалык кызматы катары каттаганын, Нью-Йорк штатында бул мыйзам бузуу деп эсептелерин билдирүүдө.

2018-жылы Трамптын адвокаты Майкл Коэн бул иш боюнча үч жылга абакка кесилген, ошол кезде мамлекет башчысы болуп тургандыктан Трампка айып тагылган эмес.

Трамп журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, эч кандай кылмыш кылбаганын айткан.

АКШнын 45-президенти, бул өлкөнү 2017-2021-жылдары башкарган республикачы, 77 жаштагы Трампка каршы жалпысынан төрт иш козголгон.

2020-жылдагы президенттик шайлоодо утулгандан кийин анын тарапкерлери 2021-жылдын 6-январында конгрессмендер отурган имаратка кирип барышкан. Трамптын бул окуядагы ролу канчалык деген териштирүү жүрүүдө.

2020-жылдын аягында Трамп кызматын тапшырып жатып бир нече кызматтык документти жеке архиви үчүн алып кеткени кабарланган. Улуттук архив ал документтер жашыруун болгондуктан архивге тапшырууну өтүнүп, прокуратурага кайрылган.

Төртүнчү иш Трамп 2021-жылы январда Жоржия штатынын республикачыл мамлекеттик катчысы Брэд Раффенспергерге телефон чалуусуна байланыштуу козголгон. Анда экс-президент өз пайдасына 11 780 добуш таап берүүгө жардамдашууну суранганы айтылган.

Быйыл күзүндө АКШда президенттик шайлоо өтөт. Трамп ага катышуу аракетин көрүүдө. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG