Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:45

Макрон Олимпиада ачылышы башка жерде өтүшү ыктымал экенин айтты


Париж. Олимпиадага даярдык иштери.
Париж. Олимпиадага даярдык иштери.

Быйыл Франциянын борбору Парижде өтө турган кезектеги Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш салтанаты Сена дарыясында уюштурулат, бирок эгер коопсуздук жагынан өтө чоң коркунуч жарала турган болсо, иш-чара Stade de France стадионунда өтөт. Бул тууралуу 15-апрелде француз президенти Эммануэл Макрон билдирди.

Кезектеги, 33-жайкы оюндар быйыл Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтөт. Олимпиаданын ачылыш салтанатын Франция Сена суусунда спортчулар отурган 160 кайык алты чакырымдык аралыкты сүзүп өтүп баратканын он миңдеген көрүүчү жээктен көрө алгыдай кылып өткөрүүнү пландоодо.

Жалпысынан оюндарды көрүү үчүн Парижге миллиондогон турист барары кабарланууда. Буга байланыштуу Франция өкмөтү коопсуздук чараларын күчөтүү аракетин көрүп жатат.

Салтанатты Эйфел мунарасынын тушундагы Trocadéro аянтында өткөрүү планы да караштырылып жатканы белгилүү болду.

Франциянын ички коопсуздук башкармалыгы Олимпиада оюндарынын ачылышы учурунда террордук чабуулдар болушу ыктымалдыгы тууралуу маалымат бар экенин билдирген. Бул күндөрү коопсуздукту камсыз кылууга чет мамлекеттерден да аскерлер катышары айтылды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG