Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:04

Январь окуялары: Кыйноо боюнча төрт полиция кызматкери кармалды


Викрам Рузахунов (к0ллаж)
Викрам Рузахунов (к0ллаж)

2022-жылы Казакстанда болгон Январь окуяларында күч кызматкерлеринен токмок жеген кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун иши казак Башкы прокуратурасына өттү.

Бул иштин алкагында төрт полиция кызматкери кармалып, камакка алынганы белгилүү болду. Кыргызстандык музыкант сыяктуу кыйноого алынганын айткан Өзбекстандын алты жаранынын иши да казак Башкы прокуратурасына өткөнү маалым болду. Казакстандын Башкы прокуратурасы ишти өз көзөмөлүнө алганын "Азаттыкка" ырастады.

Казакстандагы Январь окуяларында күч кызматкерлеринен токмок жеп, кыйноого кабылганы ачыкка чыккан кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов иш Башкы прокуратурага өткөнүн билдирди.

Рузахунов Казакстанда кыйноого кабылганын айтып чыкты
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:59 0:00


"Көптөн бери ордунан жылбай турган иш ордунан козголду. Башкы прокуратуранын кызматкерлери ушул тапта төрт полиция кызматкерин кармап, камакка алды. Алардын бири кыйноо жана зомбулук фактылары болгонун мойнуна алган, экинчиси атайын блогер, журналисттерди жалдап, калпты жайылтууга аракет кылып жатат. Биз эми соттук отурумдарды күтүп жатабыз. Бул башталышы гана. Себеби иште төрт эле полиция кызматкери эмес болчу, бул жерде онго жакын укук коргоо кызматкери бар. Казакстандын Башкы прокуратурасы да мени ишендирип, иш мындан ары да уланарын айтып жатат. Мени менен кошо бир жерде кыйноого кабылган адамдардын саны 22ге жетти. Мен мурдагыдай жалгыз эмесмин, биз эми көппүз", - деди Рузахунов.

Музыканттын айтымында, ар-намысын, кадыр-баркын жана беделин коргоо боюнча ИИМге каршы жазган доо-арызын Жогорку Сот карай элек. Буга чейинки инстанциялар арызды канааттандырган эмес.

Рузахуновдун адвокаттары ал тууралуу тараган маалыматты чындыкка коошпойт деп таанууну жана ИИМди эл алдында кечирим суроого милдеттендирүүнү суранышкан.

Кыйноого кабылгандардын укугун коргоп келе жаткан "Эл аралык укуктук демилге" коомдук фондунун жетекчиси Айна Шорманбаева Январь окуясында расмий түрдө жабырлануучу катары табылган алты өзбекстандык жана Кыргызстандын бир жараны бар экенин айтты. Кармалган төрт полиция кызматкерлеринен сырткары Викрам Рузахунов жана башкаларды кыйнаган ондон ашык адам болушу мүмкүн экенин кошумчалады:


"Викрам менен катар эле бул окуяда дагы жүзгө жакын адам кыйноого кабылган. Алардын баары Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын жарандары. Арасында Казакстандын паспортун алып жүргөндөр бар, алар да "кыйноо көрдүк" деп жатат. Эми тергөө органы катары прокуратура буларды да укугу бузулган, кыйноого кабылган, мазакталган адам деп табышы керек. Викрамдын сурактарына мен өзүм катыша алган жокмун. Бирок анын кыйноого кабылганы тууралуу айтып жатканы ырас. Кармалган полиция кызматкерлеринин бири күнөөнү мойнуна алып жаткандыктан, иш сотко жетип, алар камакка алынышы керек. Бул окуяда төрт эле адам эмес, ал жерде ондон ашык полиция кызматкерлери отурган, айрымдары бет кап кийип алган болчу".

Январь окуясында жабыркагандардын арызын алгач Казакстандын Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги тергеп, кийин Алматы облустук прокуратурасы колго алган. Бул органдар ишти тийиштүү деңгээлде текшере албай, бардык иштер жай жүргөнүн Айна Шорманбаева кошумчалады. Эми гана Башкы прокуратуранын көзөмөлүнө өткөндүктөн алгачкы жыйынтыктар чыга баштады.

"Мурдагыга караганда Башкы прокуратура ишти бат карап жатат. Мурункулар күнөөлүүлөрдү табууга эч кандай аракет жасаган жок. Болгону жабырлануучуларды сурап, алар таанып берген полиция кызматкерлерин сурап койду. Иш эми гана жылып жатат. Үч жылдан бери ордунан биринчи жолу козголду. Менин оюмча, 2022-жылдагы Январь окуясында алардын баары өз ара байланышта болгондуктан бирин-бири ашкерелегиси келген жок. Издебей, актоого тырышып, күнөөлүү адамдарды жазадан куткаргысы келди. Бирок бул туура эмес, себеби бул өтө оор кылмыш, аны жасаган адамдар сөзсүз жооп берет. Ишти Башкы прокуратура алгандан бери бизде үмүт пайда болду, иш сотко чейин жетет деп турабыз", - деди Айна Шорманбаева.

Полиция кызматкерлеринин кыйноо фактылары далилденсе, алар Казакстандын Кылмыш кодексинин 146-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык 4-10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Ошондой эле бул беренеге ылайык, күнөөсү аныкталган адам бир топ убакытка чейин мамлекеттик кызматты аркалай албайт.


Январь окуясында күч түзүмдөрү тарабынан жасалган кыйноолор казак полициясынын мигранттарга карата мамилесин да көрсөттү дейт Шорманбаева.

Кандуу окуялар учурунда жеке иштери менен Алматыда жүргөн музыкант Викрам Рузахуновду күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабаганы ачыкка чыккан. Аны соцтармактардагы тараган видеосунан тааныгандар Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына нааразылыкка чыккан жана аны тезинен бошотууну талап кылган. Коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана казак полициясы Викрам Рузахуновду коё берип, Бишкекке жөнөткөн.


Былтыр июнь айында Алматы облусунун прокуратурасы өзбекстандык төрт жарандын Январь окуялары учурунда кармалгандан кийин кыйноого алынганын билдирген арызын каттаган.

Өзбекстандын төрт жараны 2022-жылы январда кыйноого кабылган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов менен бирге камакта болгон. Казакстандык мамлекеттик маалымат каражаттары Рузахуновду “жалданма согушкер” катары көрсөтүүгө аракет кылышкан. Бирок өзбекстандыктар арыз жазбай эле Казакстандан чыгып кетип, аларга укук коргоочулар барып, көрсөтмө алып, прокуратура тергеп жаткан ишке коштурган.

Коопсуздук үчүн алардын аты-жөнү жарыяланган эмес. Колдо болгон маалыматка караганда, жабырлануучулардын кичүүсү 26, улуусу 48 жашта.

Январь окуясына бир жыл: Викрам жана Чолпонбек кордуктан кийин
please wait

No media source currently available

0:00 0:19:26 0:00


Булардан сырткары ошол кезде дагы бир кыргыз жараны - Чолпонбек Сыдыков да кыйноого кабылганын айтып чыккан. Эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн Чолпонбек Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда 8-январда кармалган. Коңшу өлкөнүн күч кызматкерлери андан талап-тоноочулук жана башаламандык боюнча тагылган айыптарды мойнуна алууну талап кылышкан. Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал январь айынын соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган. Сыдыков ушу күнгө чейин дарыланып жатат, кыйноодон кийин анын ден соолугу өтө начарлап кеткен.

"Азаттыктын" казак кызматы Рузахуновдун иши боюнча Казакстандын Башкы прокуратурасына кат жөнөткөн. Мекеме ишти өз көзөмөлүнө алганын тастыктап, бирок анын чоо-жайын катта жазарын белгиледи.

Казакстанда 2022-жылы январда болгон окуяларда жабыркаган Рузахуновдун окуясынан кийин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул өлкөнүн Бишкектеги элчиси Рапил Жошыбаведи чакырып, нааразылык нотасын тапшырган.

Кыйноого кабылып, эки кабыргасы сынып, баш мээси чайкалган музыкантка операция жасалган.

Казакстанда "кыйноо" фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, Рузахунов аны мажбурлап сүйлөткөн, ур-токмокко алган он полиция кызматкерин таанып берген. Бул окуяга байланыштуу кыргыз тарап да кылмыш ишин козгогон.

2022-жылы январда коңшу өлкөдөгү нааразылык акциялары массалык башаламандыкка айланган. Казак бийлиги муну айрым чет элдик күчтөр катышкан төңкөрүш аракети деп атаган.

Кийинчерээк окуяларга мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин чөйрөсүндөгү адамдардын катышы бар деп айыпталган. Тополоңдун натыйжасында 200дөн ашуун адам ар кандай жагдайда каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG