Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:20

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: Дарылаган үналгы. Свазиленд падышасынын аялдары. Ооган жөөттөрү.


Буэнос-Айресте үналгы психатр дарыгерлерге жардам берүүдө. Свазиленддин падышасы Мсвати Үчүнчү өзүнүн 13-аялы кылып 17 жаштагы кызды тандады…

ЛА КОЛИФАТА

Ар бир ишембиде Аргентинанын ордо шаары Буэнос-Айрестеги (Buenos Aires) Хосе Борда деген психиатрикалык ооруканага эл чогулуп, адаттан тышкаркы үналгынын берүүлөрүн угушат.

Ла Колифата, же жергиликтүү слэнгден которсок - “келесоо радио” - обого чыккан алгачкы психиатрдык маалымат каражаты. Аны негиздеген дарыгер Алфредо Оливера адегенде жөнөкөй диктофонду алып, пациенттерин аларды кызыктырган темаларга сүйлөттүргөнүн баяндайт. “Бул процедура дарылоого огожо болууда”, дейт психиатр.

Берүүлөрдүн алып баруучусу Хулио Сезар радио дары-дармектен да пайдалуу деп эсептейт.

“Доктурлар дары ичтирип, укта дешет. Радио болсо дарыланып жаткандарга эркиндик берет”, - дейт Сезар. Дарыгерлер радиоберүүлөргө катышкан пациенттеринин 30 проценти клиникадан чыгарылганын айтышат.

Үналгынын популярдуулугу барган сайын артып, анын угармандарынын саны 12 миллион кишиге жетти. Жакында болсо Ла Колифата жергиликтүү телеканалдардын бириндеги программага катышты.

Аны алып барган Уго Лопес мурда мени көчөдөн көрүшсө, тигине жинди кетип баратат дешмек. Азыр болсо эл мени таанып, жаныма келип, куттукташат”, - дейт.


СВАЗИЛЕНД ПАДЫШАСЫ

Свазиленддин падышасы Мсвати Үчүнчү 13-аялы кылып 17 жаштагы кызды тандады. Анын алдыңкысы мындан 4 ай мурун каныке болуу үчүн мектептеги окуусун таштап салган. Падышанын болочок жубайы СПИДге чалдыккан-чалдыкпагандыгын текшерүү үчүн Түштүк Африкага жиберилди. Салтка ылайык, болочокку каныкелер боюна бүтмөйүнчө Мсватинин аялдары болуп эсептелбейт. Азыр 36 жаштагы падышанын 24 баласы бар.

Жакында болсо Мсвати жарым миллион долларга Майбах-62 деген автомашина сатып алган. Свазиленд СПИД боюнча дүйнөдө биринчи орунду ээлейт. Өлкөдө жумушсуздук 40 процентке жетет, калктын 70 пайызынан ашыгы 1 доллар менен эптеп күн өткөрөт. Ар бир үчүнчү свазиленддик гуманитардык жардамдын эсебинен жан сактайт.


АРЫЗДАР КИТЕБИ ЖАНА СУЛУУЛАР

Өткөн берүүбүздө Беларус президенти Александр Лукашенканын жаңы демилгеси жөнүндө сөз кылган элек. Ага ылайык, өлкөдөгү ар бир ишкана советтик доордогудай арыздар жана сунуштар китептери менен камсыздалууга тийиш. Эми болсо Лукашенка көчөлөрдө илинип турган жарнамалардан батыш моделдердин сүрөттөрүн алып салууга буйрук берди. Биздин аялдар француз же германиялык аялдардан сулуу, - деп эскертти президент.

Тапшырманын аткарылышын мамлекет башчынын администрация жетекчиси Виктор Шейман көзөмөлдөп турмакчы.

Жыйын өткөн күндүн эртеси швейцариялык Омега деген саатты рекламалаган татынакай Синди Кроуффорд айымдын сүрөтүнүн үстүнө башка жарнама шашылыш чапталган.

Ошентип, Беларустун шаар-кыштактарында саанчылардын, жергиликтүү спортсмен-аялдардын сүрөттөрү пайда боло баштады.


ЧЫЛЫМГА ТЫЙУУ

Мичигандагы компаниялардын бири өз кызматкерлерине тамеки чегүүгө тыюу салды. Азыр ушундай өнөктүктөр улам көбөйүп баратат. Бирок Вейко фирмасы кызматкерлерин чылым чегүүдөн таптакыр баш тартууну сунуш этүүдө. Жетекчилик 1-январга чейин тамекини таштагыла же иштен кетүү жөнүндө арыз жазгыла деген катуу талап койгон болчу. Чектөөнүн максаты – сыркоо баракчалар үчүн жумшалган каражатты кыскартуу. Акция башталгандан бери ишкананын 14 кызматкери зыяндуу өнөкөтүн токтотушту.

4 кызматкер болсо фирмадан кетүүнү ылайык тапты.

Ал эми айрымдар бул демилге кызматкерлердин укугун бузуу болуп эсептелет дешет. Анткени иштен сырткаркы сааттарда алар эмне кааласа кыла алышат. Анын үстүнө чылым чегүү жумушту аткарууга тоскоолдук кылбайт деген жүйөлөрдү айтчулар да бар эмеспи.

Айрым маалыматтарга караганда, эми фирма ашыкча салмак менен күрөшүүнү болжоп жатат. Биз элдин тамактанууга байланышкан адаттарын кайра карап чыгып, дене тарбиянын пайдасын кызматкерлерге жакшылап түшүндүрүшүбүз керек, - дейт компаниянын президенти.

Андан кийин кандай чектөөлөр ойлоп чыгарылат болду экен?


КАБУЛДАГЫ АКЫРКЫ ЖӨӨТ

Жакында Ооганстандагы жөөттөрдүн саны бир эле күндө 50 пайызга азайды. Эмне дегенде, соңку айларда Ооганстанда болгону жергиликтүү эки жөөт тургун бар болчу. Алардын бирөө 80 жаштагы Исхак Левин көз жумгандан кийин, Зебулон Симентов Ооганстандагы жападан жалгыз жөөт болуп калды.

Арийне кошунасы Левиндин кайтыш болушу Симентовду капага салган жок. “Ал жаман адам болчу. Мени өлтүрүүгө да аракеттенген. Эми мен бул жерде жалгыз жөөтмүн, өзүм өзүмө башкармамын”, - дейт Зебулон.

Соңку жылдары эки кошуна дээрлик күнүгө урушуп-талашып турчу. Левин өлгөнгө чейин өзү айтып бергендей, Симентов аны өз дининен баш тартып, исламды кабыл алган деп күнөөлөп жүрдү. “Мунун бардыгы тең синагоганы башкарууну өз колуна алуу үчүн ойлоп табылган”, - дечү маркум Левин.

Кээ бир жөөт уюмдарынын маалыматтарына кайрылсак, жөөттөр Ооганстанга 8-кылымда келген. Алар негизинен Кабул менен Гератта байырлап турган. Бирок акыркы убакытта дээрлик бардык жөөттөр Ооганстандан башка өлкөлөргө көчүп кетишти. 5 миңге жакын жөөт 1948-жылы Израилге журт которгон. Журт которуунун экинчи ири толкуну советтик аскерлер киргизилген 1979-жылы катталган.

XS
SM
MD
LG