Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Ош шаарында атуулдук форум өттү


ОШ. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү бул жыйындын өтүүшүнө бир катар тоскоолдуктарды жасады. Күн мурун сүйлөшүлгөн облустук китепкананын жетекчилиги жыйынды ал жерде өткөрүүгө 5- февраль күнү каршы чыкты.

Китепкана башчысы Бактыгүл Мурзаева форумдун уюштуруучуларынын бири Алишер Токсонбаевди бети-башка койгулады. Алишер Токсонбаев билдиргенге караганда, эки күн мурун Бактыгүл Мурзаева китепкананын жыйындар залын ижарага берүүгө макул болуп, бирок ал убадасынан бийликтин кысымы менен баш тартты.

Форумду “Сузак чайханасында” өткөрүү аракети да майнапсыз болду. Андан соң форум шаардын борбордук көчөлөрүнүн биринде жайгашкан «Ак жол» кафесинде өткөрүлдү. Улуттук коопсуздук жана ички иштер органдарынын өкүлдөрү кафенин жетекчилигине кысым көрсөтүшүп, бир сааттай убакыттан кийин форум катышуучуларын ал жерден да кетүүгө аргасыз кылышты. Бул окуя боюнча форумга Бишкектен келишкен Роза Отунбаева жана Төлөйкан Исмаилова «АКИ-пресс Фергана» агенттигинде маалымат жыйынын өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG