Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:53

КЫЗЫКТАР ДҮЙНӨСҮНДӨ: АББА 20 ЖЫЛДАН КИЙИН ЧОГУЛДУ, МУХАМЕДДЕР РЕКОРД КОЮШТУ, АДОЛФ ГИТЛЕРГЕ ЖАЗЫЛГАН КАТ БУНДЕСТАГГА ЖЕТКИРИЛДИ...


“Кызыктар дүйнөсүндө” рубрикасынын кезектеги чыгарылышы назарыңыздарда.

АББА 20 жылдан кийин чогулду

Даңазалуу АББА квартетинин катышуучулары алардын репертуарындагы ырларга негизделген “Мама мия” деген мюзиклдин Стокголмдогу бет ачаарына чогулушту. Агнета Фальцког, Анна-Фрид Лингстад, Бьерн Улвеус жана Бенни Андерсон квартет ыдыраган 1982-жылдан бери кеңири публиканын алдына чогуу чыгыша элек болчу.

2004-жылы Лондондо мюзиклдин 5 жылдыгы белгиленип, бирок ага Агнета Фальцког барган эмес. Элге көп чыкпаган Агнета учкандан коркоорун шылтоо кылып, жолугушууга катышпай койгон.

Стокголмдо мюзикл швед тилинде коюлду. АББА аткарган ырлардын дээрлик бардыгы анлисче жазылган. Дүйнө боюнча квартеттин 350 миллионго жакын диски сатылган.

“Мама мия” мюзикли ушу тапта Нью-Йорк, Лондон, Торонто жана Мадрид шаарларында да коюлуп жатат.




“Оскардагы” өзгөрүүлөр

Быйыл “Оскар” сыйлыгын тапшыруу каадасы бир аз өзгөртүлмөкчү. Бул жолу кээ бир лауреаттар сахнага таптакыр чыкпайт. Башка бир категорияларда болсо сыйлыкка көрсөтүлгөн бардык 5 талапкер көрүүчүлөрдүн алдына чыгып, андан кийин гана жеңүүчү жарыяланат. Үчүнчү, салттуу вариант дагы сакталып калат. Анда алтын айкелчеге татыган артист, анын аты жарыялангандан кийин гана сахнада пайда болот.

Андан тышкары уюштуруучулардын талабына ылайык, “Оскардын” жаңы кожоюндары өз сөздөрүн адаттагыдан кыскараак кылууга тийиш.

Бул жаңы саамалыктар тууралуу 115 талапкер чогуу сүрөткө түшүү үчүн чогулганда жарыяланды.

“Биз атаандаш болгонубуз менен, эч кандай эрегишүү сезилген жок”, - дейт жогорку сыйлыкка 4-жолу көргөзүлгөн Кейт Уинслетт.

Белгилүү режиссер Мартин Скорсезенин коллекциясында азырынча “Оскар” сыйлыгы жок. Скорсезе “Авиатор” деген тасмасы менен көптөн бери эңсеп жүргөн сыйлыкты жеңип алаарына үмүттөнөт.

“1970-80-жылдары Оскарды албаганым, балким, жакшы болду. Анда мен азыркыдай болбойт элем”, - деп түшүндүрөт режиссер.





Мухаммеддер рекорд коюшту

Дубаиде аттары уйкаш кишилер бир жерге чогулуп, буга чейинки рекордду жаңылантышты. 2003-жылы Испаниянын шаарларынын биринде жармаңкеге Мария аттуу 375 кыз-келин топтолгон. Дубаинин мэриясы Мухаммед аттууларды шаардагы парктардын бирине келүүгө чакырган. Мухаммед - мусулмандардын эң көп кездешчү ысымы. Кээ бир маалыматтарга караганда, жолугушууга 1500-2000 чукул Мухаммед, алардын арасында ымыркайлар менен абышкалар келген.

Алардын ысымдары чындап эле Мухаммед экенин далилдеш үчүн бардыгы тең метрикелерин көтөрүп келүүгө милдеттендирилген.

Келечекте болсо битир үчүн эң чоң куту, ар түрдүү банкалардан жасалган эң чоң мозаика жасоо жана пиццаны реккорддук убакытта жеп бүтүү өңдүү пландар бар.
Дубаиликтер муну менен шаарга туристтерди тарткысы келет.




Почтанын тактыгы

Германиянын почта кызматкерлери өз милдетин так аткарып, Адолф Гитлерге жазылган катты Бундестагга жеткиришти.

Карточка Англиядан жиберилген, бирок так дареги белгисиз болгондуктан, аны артка салып жиберүү мүмкүн болгон жок. Гитлер 60 жыл мурда көз жумган, буга карабай, кат адресатка жеткирилген, деп маалымдайт ДПА агенттиги.

Карточкада: “Фюрер Адолф Гитлерге, Рейхстаг, Германиянын парламенти, Берлин, Германия” деп жазылган. Андан ары почтанын ар түрдүү мөөр, жазуулары бар.

Почтанын өкүлү адресат өлсө да, кат жеткирилүүгө тийиш деп түшүндүрөт. Бундестагдан кат аларга келип түшкөнүн тастыкташты.




Британиялык вундеркинд баланын интеллектуалдык көрсөткүчү президент Буштукунан жогору

Майкл Али жалаяктагы кезинен бери эле окууга өзгөчө кызыгуусун көрсөткөн. 3 жашында ал чоңдордун жардамысыз эле араб арибин жаттап алган. Азыр болсо 4 сандуу цифраларды кошууну үйрөнүү менен алек.

Майклдин эң жакшы көргөн тамашасы – бирөөлөр сүйлөгөндө ал англисче сөздөрдү тескерисинче айтып, каткырып, күлөт. Баланын ата-энеси анын Британиянын эң акылдуу адамдарынын арасына кошулганына абдан сыймыктанышат.

Майклдин интеллектуалдык коэффициенти (IQ) 137 баллды түздү. Бул – анын гениалдуулугун далилдейт. Себеби чоң кишинин орточо көрсөткүчү 100 баллга барабар. Салыштыра кетсек, АКШнын президенти Жорж Буш үчүн бул коэффициент 91 баллды, мурдагы президент Билл Клинтон үчүн - 182 баллды түзгөн.

XS
SM
MD
LG