Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:18

УЛУТТУК АЗЧЫЛЫКТАГЫ АЯЛДАРГА ЭКИ ЭСЕ КЫЙЫН


Кыргызстанда ушул аптанын соңунда өтө турган парламенттик шайлоого талапкер болуп аялдар эркектерден 10 эседен ашык аз катталды. Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу, Кыргызстанда аялдар коомдо активдүү роль ойношкону менен, мамлекет башкарууга келгенде алар мурдагыдай эле обочодо кала беришүүдө. Ал эми улуттук азчылыктардан чыккан аялдарга мамлекеттик ишке аралашуу андан да кыйын.

Эркектерге караганда аялдар мыкты депутат боло алышат. Ош шаарындагы айрым шайлоочулар ушундай пикирде. Алар – 27-февралдагы парламенттик шайлоодон четтетилген Ачахон Тургунбаеванын колдоочулары.

Тургунбаева менен бир шайлоо чөлкөмүнөн өз талапкердигин койгон Алишер Сабиров аны шайлоо өнөктүгүндө маалымат каражаттарына байланышкан мыйзамды бузду деген кине менен сотко берген эле. 10-февралда Ош шаардык соту Сабировдун арызын канааттандырып, Тургун баеванын талапкердигин тизмеден алып салды.

«Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып, Тургунбаева Сабировдун кадамын кайсы бир деңгээлде өзүнүн жеңиши деп эсептей тургандыгын билдирди:

– Алишер Сабиров аял киши да катуу чыгып, өз укуктары үчүн күрөшөт деп ойлогон эмес болуш керек. Бирок азыр ал мени аял экенимден мурда, биринчи кезекте күчтүү атаандаш деп билип калды.

Тургунбаеваны шайлоодон четтетүү чечимине нааразы болуп, 500дөй киши Оштун чоң жолун тосмолошту. 14-февралда Кыргызстандын Жогорку Соту Ош шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырганда, дагы бир демонстрация болду.

Демонстранттардын бири «Азаттыктын» кабарчысына буларды билдирди:

- Биз Ачахон Тургунбаеванын биздин шайлоо чөлкөмдөн талапкер болушун каалайбыз. Аялдар башка аялдардын сөзүн угат. Буга чейин биз шайлаган эркек депутаттар бизге эч качан кулак салган эмес. Бул жакка бизди ушул аял угаар бекен, түшүнөөр бекен деп келип отурабыз.

Кыргыз парламентине шайлоодон башка аялдар да четтетилди. Алардын эң көрүнүктүүсү - тажрыйбалуу дипломат, Ата-Журт партиясынын тең-төрайымы Роза Отунбаева болуп калды. Ошол эле кезде президент Акаевдин кызы Бермет Акаева Роза Отунбаева катталып, кийин каттоосу жокко чыгарылган шайлоо чөлкөмүнөн шайлоого катышууда.

Албетте Бермет Акаева чет өлкөдө окуп, иштеп келген, билимдүү жаш талапкер. Бирок Роза Отунбаевадай, таасирлүү жана тажрыйбалуу саясатчы менен таймашта туруштук бере алаары күмөн эле. Бул да болсо демократиянын аралы болгон Кыргызстанда атасынын же дагы башка эркек кишинин колдоосу болбосо, аялдардын жолу дале торолуу экендигин айгинелейт. Парламентте аялдарга квота бөлүү маселеси 14 жылдан бери оңунан чечилген жок. Аялдардын арасында боордоштуктун жетишсиз экендиги да өз ролун ойноп жатат.

Парламентке партиялык тизме аркылуу шайлоонун жоюлушу да аялдарга жаңы тоскоолдук жаратты. Эгер мисалы бул пропорционалдык система күчүндө болгондо, аялдар кур дегенде Аялдардын партиясынан сөзсүз шайланмак. Эгер саясий партиялардын, айрыкча солчул партиялардын, алардын европалык өнөктөштөрүндөй, аялдар үчүн квотасы болгондо, айымдарга дагы кошумча жол ачылмак.

Бул кыйынчылыктардын баары улуттук азчылыктардан чыккан айымдарга да тийешелүү. Алардын улуттук азчылык экендиги буга кошул-ташыл болгон гана фактор. Шайлоодон четтетилген Ачахон Тургунбаеванын болжолунда, 421 талапкердин 10 пайыздан азын түзгөн аялдарын ичинен саналуусу гана парламентке өтө алат:

– Аялдарга, айрыкча өзбек аялдарга парламентке шайланыш өтө кыйын. Алар үчүн квота киргизилиши керек же шайлоонун пропорционалдык системасын калыбына келтирүү зарыл. Бирок учурдагы мыйзам аялдарга жол бербейт. Саналуу гана аял шайлоодо жеңип чыгат деп ойлойбуз.

Албетте, калктын жарымын түзгөн аялдардын мамлекеттик маанилүү иштерден четте калышын коомдогу эскичил көз караштар менен да түшүндүрүү керек. Бул тууралуу "Республика" гезитинин баш редактору Замира Сыдыкова мындай дейт:

– Аялдардын бардык аракеттерине карабастан, шайлоого келгенде биздин шайлоочулар, биздин эл эркектерди тандашат. Алар бийликте эркектер гана отурушу керек деп эсептешет. Аялдар шайлоону өткөрүүгө, шайлоого байланышкан башка иштерге катышса, буга каршы эмес, бирок ким депутат болот, ким министр же президент болот дегенде эл караманча тескери көз карашта.

XS
SM
MD
LG