Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Атбашы, Карүнкүр шайлоо чөлкөмдөрүндө мыйзам бузулгандыгы айтылууда


БИШКЕК. Алгачкы маалыматтар боюнча парламенттик шайлоонун учурунда №25 Карүңкүр, №32 Атбашы шайлоо округдарында одоно мыйзам бузуулар арбын катталды. Бул тууралуу талапкерлер Курманбек Бакиев менен Накен Касиев билдиришти. Алардын маалыматтарына караганда, добуш берүү күнү ырасмий бийликтин басымы күчтүү болуп, участоктордо добуш сатып алуу ачык жүрдү. Маселен, Курманбек Бакиевдин айтымында, Жалалабат облус губернаторунун орун басары Куралбек Наскеев акыркы 15 күндө Карүңкүр шайлоо округунда такай болгон. Ал эми электр тармактарынын кызматкерлери шайлоочулардын карыздары жоюлгандыгын тастыктаган квыитанцияларды таратып жүргөндүгу катталган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын 27-февралда кечки саат 21.00деги маалыматы боюнча бул күнү мыйзам бузуу фактылары боюнча 30 арыз түшүп, 50дөй телефон чалуу болду.

XS
SM
MD
LG