Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:50

НААРАЗЫЛЫК АКЦИЯЛАРЫ КҮЧ АЛДЫ


Элдин парламенттик шайлоодон кийин башталган нааразылык акциялары өлкөнүн бардык аймагында күч алып барат. №33 Нарын шайлоо округдук комиссиясынын Ишенбай Кадырбековду талапкерликтен четтетип, аны 7-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы күчүндө калтырганы буга кошумча болду. Шайлоонун таза өткөрүлүшүн талап кылган Жалалабат облусунун эли жекшембиден бери президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

Жалалабат облустук администрациясынын имаратына кирип алып, 4-марттан бери митинг өткөрүп жаткан атуулдар дүйшөмбүдө өз талаптарынан кайтпай тургандыктарын билдиришти. Аларга «Аялдар Акаевдин бийлигине каршы» деген талап койгон аялдардын тобу келип кошулду. 7-марттагы митингге 1,5 миңдей адам катышып, президент Аскар Акаевдин кызматтан кетишин, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүлүшүн талап кылышты.

Ушул эле күнү №34 Нарын шайлоо округу боюнча талапкер Ишенбай Кадырбековдун да 1,5 миңден ашык жактоочусу облустук администрация имаратынын алдына чогулушуп, Кадырбековдун талапкерлигин кайра калыбына келтирүүнү жана президент Аскар Акаевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышты. Ал тууралуу митингдин катышуучусу Алымбек Акунов мындай деди:

- Кечээ биз Ишенбай Кадырбековдун талапкерликтен мыйзамсыз алынып салынганына нааразы болуп чогулганбыз. Азыр талаптар көбөйдү. Эң биринчи талап - Аскар Акаев кызматтан кетсин деген талап. Азыр бул жерде жок дегенде 1500дөй киши бар. Алар Кадырбековдун талапкерлиги эптеп эле Самаковду өткөрүш үчүн мыйзамсыз алынып жаткандыгын жакшы түшүнүп, ошого каршы болуп жатышат.

Дүйшөмбүдө Нарын шаардык соту Ишенбай Кадырбековдун округдук комиссиянын чечимин жокко чыгаруу үчүн берилген арызын кабыл алган жок. Ишенбай Кадырбековдун Нарын шаарындагы штабынан алынган маалыматка караганда, сот адегенде «төрага жок» деп, андан кийин «талапкер өзү паспорту менен келип арыз берсин» деп арызды албай койгон.

Ал эми Кадырбековдун жактоочулары анын талапкерлиги кайра калыбына келмейинче акцияны токтотпойбуз дешип, Бишкекке чейин жөө жүрүшкө чыгышаарын жарыя кылышты. Ишенбай Кадырбеков өз укугун адегенде сот аркылуу мыйзам чегинде коргоп алууну көздөп жаткандыгын, эгер андан майнап чыкпаса элдин нааразылыгы күч алып кетээрин билдирди. Анын айтымында, кырдаалды жөнгө салыш бир гана бийликтин колунда:

- Азыр элдин нааразылыгын токтото турган бир гана күч калды. Ал бийлик, анын ичинде сот бийлиги жана бийликтин Ак үйдө отурган өкүлдөрү. Алар саясий оюндарды токтотуп, талапкерлерди тандоону элдин оюна коюш керек. Эл өзү шайлашы керек. А булар шайлоого кийлигишип атып, азыр бүт Кыргызстандын аймагында эл толкуп жатат.

Ал эми президенттин басма сөз катчысы Абдил Сегизбаев элдин нааразылык акцияларын парламенттик шайлоодон жеңилип калган талапкерлер козутуп, уюштуруп, шайлоонун экинчи турун өткөрбөштүн аракетин көрүүдө деп билдирди:

- Өзүңөргө белгилүү болгондой оппозициянын көпчүлүгү биринчи айлампадан эле өтпөй калды. Бул сөзсүз түрдө алардын нааразылыгын жаратат. Экинчиден, оппозициянын экинчи турга өткөн өкүлдөрүнүн топтогон добуштары абдан аз. Алар экинчи турда парламентке шайланышаарына эч кандай мүмкүнчүлүгү жок экендиктерине көзү жетип турат. Ошондуктан, алар радикалдуу же мыйзамсыз жол аркылуу ар кандай пикеттерди уюштуруу менен Борбордук шайлоо комиссиясын, жергиликтүү шайлоо комиссияларын кысымга алып, ар кандай чыр-чатактарды чыгарып, шайлоонун жүрүшүнө таасир этүүгө аракеттенип жатышат. Бул, албетте, мыйзамсыз аракет жана ага жол бербеш керек.

Ал эми Ишенбай Кадырбеков бийлик өзү элдин кыжырдануусун жараткан кадамдарга барып жаткандыгын билдирип, аны саясий бечелдик деп баалады:

- Бул саясий бечелдик же бирөөнүн атайылап жасаган оюну. Эгер атайылап жасалган оюн болсо, анда ал биринчи кезекте президенттин чоң душманы. Ал бир адамбы же топ экендиги белгисиз. Бирок бүгүнкү күнү жасалып жаткан иштердин баары бүт Кыргызстанды көтөрүп жатат.

Нарын облусунун губернатору Шамшыбек Медетбеков болсо элдин нааразылыгын билдирүүгө шарт түзүлгөндүгүн жана алар мыйзам чегинен чыккан кадамдарга барбаш үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG