Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:48

Сот Арзыбек Буркановго каршы берилген арызды канааттандырган жок


БАТКЕН. Аталган аймактан депутаттыкка ат салышкан Ташболот Балтабаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Балтабаев сотко кайрылган арызында талапкер Арзыбек Бурканов үгүт иштерин жүргүзүүдө шайлоочуларга материалдык жардам берүүнү, табигый газ жана таза суу менен камсыз кылууну убада кылганын жана шайлоонун биринчи айлампасы өткөн күнү шайлоочуларды автоунаа менен добуш берүү бөлүмдөрүнө ташыганын, муну менен шайлоо кодексинин айрым беренелери одоно түрдө бузулганын белгилеп, аталган талапкерди каттоо жөнүндөгү округдук шайлоо комиссиясынын чечимин жана бул округ боюнча өткөн шайлоонун биринчи айлампасынын жыйынтыгын жокко чыгарууну өтүнгөн. Бул ишти караган райондук сот арызды негизсиз деп таап, канааттандырган жок. Ташболот Балтабаевдин ыйгарым укуктуу өкүлү Нурлан Балтабаев далилдер жетиштүү болгонуна карабай арыз канааттандырылбай калганын, көзөмөл иретиндеги арызы менен Жогорку сотко кайрылганын ушул эле күнү «Азаттыкка» билдирди.

XS
SM
MD
LG