Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:41

Таласта нааразылык иш чаралары улантылды


ТАЛАС. Облустук ак үйдү ээлеп жатышкан нааразылык акциясынын катышуучулары таң эртең менен «Азаттыктын» уктурууларынан Ош, Жалалабаттагы пикетчилерди күч колдонуп, имараттан кууп чыгышкандыгын угуп, ага нааразычылык билдиришти. Равшан Жээнбековдун мандатын алып берүү боюнча түзүлгөн комитет Таласта да ушундай басып алуу болушуна каршы коопсуздук чараларын күчөтүп баштады. Түштөн кийин болсо шайлоочулардын алдына кыргыз өкмөтүнүн Таласка жиберилген атайын өкүлү Базарбай Мамбетов келип, акцияда турган элди, облустук имаратты бошотууну талап кылды эле эл анын сөзүн нааразы болуу менен кабыл алды. Жалалабаттан келген өкүл Галли Соронкулов элди соңку жаңылыктар менен тааныштырды. Шайлоочулар түнү менен Нооруз майрамына даярдык көрүшүп, облустук ак үйдү эки эселенген күч менен кайтарууга даяр экендиктерин билдиришти.


Бакыт Аманбаев, Бишкек

XS
SM
MD
LG