Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:44

СЕРБИЯ МЕНЕН ЧЕРНОГОРИЯ ЕВРОСОЮЗ МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮ БАШТАЙТ


Жаңыл Жусупжан Европа комиссиясы Сербия-Черногория менен Стабилдештирүү жана кызматташтуу келишими боюнча сүйлөшүү баштоого даярбыз деп жарыялады. Бул чечимди жакынкы айларда Европа биримдигинин өлкөлөрү колдоп берет деп күтүлүүдө. Бирок эңсегенине жетип, Евросоюзга кирүү үчүн, кош жумурияттуу бул өлкөгө дагы көп жолду басууга туура келет.

Кечээ Европа комиссиясы Сербия-Черногория менен алдын-ала сүйлөшүү баштоого макул болду. Өлкө ошентип, Европа биримдиги менен Стабилдештирүү жана кызматташтуу келишими боюнча сүйлөшүү өткөргөн коңшулары Хорватия менен Македониянын жолоюна түшкөнү турат.

Мурда Югославиянын курамында болгон Балкан өлкөлөрүнө 2000-жылы эле Евробиримдикке киресиңер деп убада кылынган эле. Бирок бул ар түрдүү себептерден улам бул ишке ашпай келатат.

Олли Рен Европа биримдигинде жаңы мүчөлөрдү кабыл алууга жооп берет. Ал кечээ Страссбургда Сербия-Черногориянын атайын келишимдердин негизинде Евросоюз менен мамиле түзүүгө чамасы бар экенин көрсөткөн изилдөөнүн жыйынтыгы Еврокомиссия тарабынан жактырылганын бышыктады.

Рен азыркы сүйлөшүүлөр Европаны карай алгачкы кадам болуп калаарын белгиледи:

-Бул Сербия-Черногория үчүн европалык жолдун башталышы гана. Өлкө акыркы жылдары бир топ жылыштарга жетишти. Эми алга умтулуш керек.

Рен Сербия-Черногорияда саясий жана экономикалык реформалар чабал болгону менен, алдын-ала сүйлөшүү үчүн жетиштүү шарт бар экендигин белгилеп, өлкөдө өткөн аптада конституциялык хартиянын кабыл алынышын жогору баалады.

Рен ошондой эле өткөн жылы Евросоюзга жаңы мүчөлөр кабыл алынгандан кийин, европалык атуулдардын арасында мындан аркы кеңейүүгө скептикалык мамиленин өскөндүгүн эскертти. Комиссар ошондой эле өлкө мурдагы Югославия маселеси боюнча Гаагадагы Эл аралык кылмыш трибуналы менен кынтыксыз кызматташууга тийиш деп айтты.

Бул эскертүүнү Белградда олуттуу кабыл алышаары шексиз. Анткени качып жүргөн шектүү бир согуш кылмышкердин айынан, өткөн айда Хорватиянын Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүсү токтоп калган эле.

Рен ошондой эле Сербия-Черногория Косовонун келечегин аныктоодо да конструктивдүү роль ойношу керек деп эсептейт.

-Изилдөө көрсөткөндөй, Косовонун келечек статусу боюнча конструктивдүү талкууга Белград да кошулушу керек болуп турган маанилүү көз ирмемде оң белгилер болуп жатат. Сербия-Черногориядагы жылыштар аймакты турукташтурууга жана бүт Европада коопсуздукту бекемдөөгө көмөк болот -деди Еврокомиссиянын өкүлү.

Белград мурда өзүнө баш ийген Косово боюнча ыкка келүүдөн качпайт шекилдүү. Сербиянын президенти Борис Тадич кечээ Косовонун президенти Ибрахим Ругованы Белградга сүйлөшүүгө чакырды. Ошону менен Европа биримдигине кошулуу үмүтү Балкан өлкөлөрүн эски душмандары менен элдешип, мыйзамдуулукту ооз эки жүзүндө эмес, иш жүзүндө кепилдөөгө жетелөөдө.

XS
SM
MD
LG