Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:27

КОРГОО МИНИСТРЛИГИ КҮЖҮРМӨН ДАЯРДЫКТЫ КҮЧӨТҮҮ ЖАНА СОЦИАЛДЫК МАСЕЛЕЛЕРДИ ЧЕЧҮҮГӨ КИРИШҮҮДӨ


24-марттагы элдик ыңкылаптан кийин коргоо министринин милдетин генерал майор Исмаил Исаков аткарып келатат. Исмаил Исаков кабарчыбыз Айданбек Акмат уулунун министрликтеги абал, чечилбей жаткан маселелер, эл аралык кызматташуу жана башка суроолоруна жооп берген.

Урматуу Исмаил Исакович, коргоо министринин милдетин аткарып жатканыңызга эки жумадай убакыт болуп калды. Бул министрликтеги абал кандай экен. Сиз аны кандай кабыл алдыңыз?

-Коргоо министрлигиндеги абалды мен мурун эле жакшы билчү элем. Депутат болуп жүргөндө кызыгуу менен көңүл буруп, колдон келген жардамды берип, керектүү мыйзамдарды жазып жүргөнмүн. Мына министрликтин жетекчи болуп келгенден бери алты багыт менен ишти жүргүзүүгө аракет кыла баштадым. Алардын негизгилери кайсылар? Биринчиси - аскер даярдыгынын деңгээлин көтөрүү. Бул маселеге жетиштүү көңүл бурулбай келген экен. Анын да себептери бар. Бул үчүн аскерлердин окуу деңгээлин жакшыртуу керек. Мыкты адистерди тартышыбыз керек. Бүгүнкү күндө базар мамилесине байланыштуу адистерибиз да өз кызыкчылыгына көп көңүл буруп калышкан экен. Ошондуктан биз аны токтотуп, элдин кызыкчылыгына бурууга аракет кыла баштадык.
Экинчи багыт - социалдык маселелерди чечүү. Бул өтө оор маселе. Себеби өлкөнүн бюджетинин чамасы чектелүү. Мен келгенден тарта эле социалдык маселеге көңүл буруп, офицерлерди үй менен камсыздоо жагын чечүүгө көңүл бурдум. Он жылдан бери бул маселе министрдин деңгээлинде каралбаптыр. Учурда 500 офицердин үйү жок. Пенсияга чыккан 300дөн ашык офицерлер аскердик шаарчаларда жашап, үй жоктуктан шаарда, жашоого шарты жок айылдарда жүрүшөт. Төрт жылдан бери 16 офицерге гана квартира берилиптир.

-Бул маселени чечүүдө сиздер кандай жолду тандап турасыздар?

-Эми бир эле өкмөткө таянып отура берсек туура эмес болуп калат. Биринчиден, ички ресурстарды аныктап жатабыз. Маселен, ремонтко делген кээ бир каражаттарды туура колдонуп, үйлөрдү салайлы деп коллегияда чечим кабыл алдык. Ушул жыл аягына чейин 60ка жакын офицерлерди үй менен камсыз кылалы деп чечип, өзүбүзгө милдеттенме алдык.

-Үй, социалдык маселе жалпы өлкө боюнча курч. Анын айынан Бишкектин тегерегинде жер басып алуучулук күчөп турат. Бул маселени чечүүнүн кандай жолун көрүп турасыз?

-Биринчиден, бирөөнүн үлүшүн басып алуу туура эмес. Ошондой ишке барып жаткан атуулдарга коргоо министри катары, Кыргызстандын атуулу кайрылат элем, бирөөнүн үлүшүн, менчигин басып алуу мыйзамга да, адамгерчиликке да туура келбейт. Аны токтотуш керек. Азыркы өкмөттү колдосок бул маселлерди чечкенге күч да бар. Каражат да табылат деп ишенем.

-Исмаил Исакович, мынабу 24-марттын түнүндөгү талап-тоноочулуктан эл бир топ чочуп калганы белгилүү. Азыр жер басып алуучулук мына ошол кездегидей сестенүүнү кайра пайда кылууда. Анын үстүнө ар кандай ушактар таратылууда. Коргоо министрлигинин аскерлери 24-марттан кийин көчөлөргө чыгып, элдин коопсуздугун камсыздоого киришкен эле. Азыркы шартта министрлик элдин коопсуздугун камсыз кылууга кандай салым кошот?

-Адегенде мен бир нерсени айтып коеюн. Үй талап жаткандарды уюштургандар, 24-марттагы талап-тоноого катышкандар түбү Акаевдин бийлигин колдогондор. Ушуну белгилеп коюшум керек. Баары ошолордон чыгып жатат.
Мыйзам боюнча Коргоо министрлигинин милдети башка. Бирок ар бир атуулдун коопсуздугун, укугун коргоо үчүн баарыбыз тикеден тик турушубуз керек. Мына ошондуктан Коргоо министрилиги Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте 24-25-26-27-мартта күзөткө чыгып, коопсуздукту сактап калышты. Аскерлер колунда курал болбоду. Алар болгону милициянын жанында жүрүп, сүр болуп беришти. Эми ушундай күзөттү улантуу боюнча чечим кабыл алдык. Күзөт кайрадан болот.

-Эми эл аралык кызматташуулар маселесине келсек. Кыргызстанда АКШ менен Россиянын аскердик базалары бар. Экөөнүн аралыгы 30 чакырымдай келет. Бул эки стратегиялык өнөктөш менен кызматташуулар кандай багытта өнүгөт, базалардын тагдыры кандай болот?

-Эми бул базалардын тагдыры мурда кандай болсо ошондой бойдон калат. Алар менен тыгыз байланышта болобуз деген ойдомун. Ошондуктан эки базанын чыгып кетиши жөнүндө эч кандай маселе коюлган жок.

-Кыргызстанда аскердик тил - орус тили. Биздин коңшу өлкөлөрдө болсо улуттук тилди аскерде пайдаланууга аракет жок эмес. Бизде да кезинде ушундай аракет көрүлүп, кыргыз тили жөнүндөгү мыйзамда аскерде да улуттук тилдин пайдаланылышы көрсөтүлгөн эле. Муну аткаруунун жолу барбы. Кыргыз тили аскердик тил болуп, дагы бир багытты багындырып кете алабы?

-Менин оюмча багындырып кетет. Мунун биринчи негизи менин кыргызча силерге маек куруп берип жатканым. Буга чейин министрдин кыргызча сүйлөгөнү болгон эмес. Чындыгында кыргыз тили боюнча мыйзамды жазууга мен да салым кошконмун. Анда башка күч структуралар менен катар коргоо министрлиги да кыргыз тилине өтүш керек деген берене киргизилген. Кыргыз тилине бир-эки күндө өтө коюу мүмкүн эмес. Бирок бизде аракет башталды. Мен төрт аскердик эрежени (уставды) кыргыз тилине которууга буйрук бердим. Которо башташты. Ал которулгандан кийин буйрук берүүлөр, маалымат берүүлөр кыргыз тилине өтөт. Андан сырткары азыр эле кезметчилер кыргызча доклад бере башташты.

-Министрликке тийиштүү имараттардын абалы кандай экен. Аларды ижарага берүү фактылары бар бекен?

-Андай көрүнүштөр абдан көп экен. Туугандарына, жакындарына жөн эле берип койгон фактылар чыгууда. Бир эле мисал, министрликке жакын жердеги поликлиникабыздын имаратын башка бирөөлөргө берип, поликлиниканын өзүн Фрунзе-1ге которуп коюшуптур. Муну менен аскерлерге абдан ыңгайсыз абал түзүлүптүр. Биз азыр аны өз ордуна коебуз деп, мүлк комитети менен да сүйлөшүп жатабыз. Мүлк комитети да мыйзам чегинде имаратты кайра аласыңар деп айтууда. Дагы бир имаратты алып коюшкан экен. Аны да кайтарып алып, аны үйгө айлантып, офицерлерге берели деп жатабыз. Бул багытта иштеп жатабыз. Менин оюмча, министрликтен мыйзамсыз алынган бардык имараттарды кайтарып алабыз. Ал үчүн бүгүнкү өкмөт жардамын берип жатат.

-Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG