Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:51

ӨЗБЕКСТАНДАН КЕЛГЕН ГУМЖАРДАМ КРЕДИТ КАТАРЫ ТАРАТЫЛАБЫ?


Кожогелди Култегин, Ош Ыңкылаптан кийинки Кыргызстанга Өзбекстан гуманитардык жардам иретинде ири көлөмдөгү минералдык жер семирткич жана пахта үрөнүн жөнөткөн. Ошол гуманитардык жардам кредит түрүндө берилет экен деген сөз тарап, ага дыйкандар нааразы болуп жатышат.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камалов Өзбекстандан жакында келген гуманитардык жардам тууралуу буларды билдирди:

- Коңшулаш Өзбекстандан келген 805 тонна, же 16 вагон пахтанын чигити үрөн катары пайдаланылат. Ошондой эле 1725 тонна, же 16 вагон үрөн минералдык азоттук жер семирткич келди. Үрөн менен жер семирткичти республикадагы айыл жана суу чарба кайра иштетүү министрлиги өзү келип Анжияндан кабыл алып, облустун аймагына өткөндөн кийин айдоо жер аянтына карата Ош, Баткен, Жалалабат облустарына бөлүп берди.

Ош облустук гуманитардык жардамды бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөсү Алым Каримов бизге мындай маалымат берди:

- Минералдык жер семирткич Алай районуна 30 тонна, Араван районуна 65 тонна, Каракулжа районуна 50 тонна, Карасуу районуна 200 тонна, Чоңалайга 40 тонна, Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнө 5 тонна, ошондо 750 тоннаны Ош облусуна бөлдүк. Чигит боюнча Ош облусуна 275 тонна берилген болсо, мунун Алай раойнунун Жаңыалай айыл өкмөтүнө 5 тонна, Араван районуна 100 тонна, ал эми Карасуу районуна 170 тонна бөлүндү.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камалов да Өзбекстандын гуманитардык жардамын кредит түрүндө таркатуу аракети жүрүп жаткандыгын танбайт:

- Негизинен райондук деңгээлде ошондой көрсөтмө болгон, кармап тургула деп. Эгер кыргыз өкмөтүнөн бул кредит боюнча буйрук чыкса анан көрөбүз. Азырынча бизге так көрсөтмө боло элек.

Ош облустук гуманитардык жардамды бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөсү Алым Каримов да элге бөлүштүрүлүп коюлган минералдык жер семирткич менен чигитти эми кредит түрүндө документтештирип таратуу опол иш экендигин белгилейт:

- Дыйкандарга гуманитардык жардам болгондон кийин жакындан жардам катары таркатса жакшы болот эле. Айрыкча үрөнгө, чигитке муктаж, колунда жок дыйкандарга берсе жакшы болмок. Кредитке алганга документ түзүш керек, күрөө коюш керек, шарттары көп, механизм иштеп чыгыш керек. Убакыт талап өтө көп кылынат. Үрөндү бериш, чигит тигиштин мөөнөтүнөн кечигип калышыбыз мүмкүн.

Гуманитардык жардамды кредит түрүндө тараткан учур болгонбу деген суроого Алым Каримов төмөндөгүчө жооп берди:

- Гуманитардык жардамды кредитке, жеңилдетилген кредитке берилген учурлар болгон.

Карасуу районунун Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Немат Эргешов Өзбекстандын гуманитардык жардамынын айрым бөлүктөрү элге таратылып жиберилгендигин айтат:

- Гуманитардык жардамды аз камсыз болгон атуулдарга таркатып бергенбиз. Жардам болуп келген үрөндү резервден алып төлөбөсө, элге кредитке документтерди топтоо өтө кыйын.

Ал эми дыйкан Сабыр Маккамбаев гуманитардык жардамдын кредит түрүндө таратылышын жосунсуз жорук катары эсептейт:

- Өзбекстандан келген гуманитардык жардам жардам иретинде кетиш керек да. Муну кредитке бериш мыйзамга туура келбейт. Өзбекстан укса уятыбыз чыкпайбы, - дейт Сабыр Макамбаев.
XS
SM
MD
LG