Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:16

КОНСТИТУЦИЯЛЫК КЕҢЕШМЕНИ ПАРЛАМЕНТ ТҮЗДҮ


25-апрелде Жогорку Кеңеш Конституциялык кеңешмени түзүү тууралуу токтом кабыл алды. Ага ылайык кеңештин курамында 114 мүчө болот. Анын 57си бийлик тараптан, ал эми калган жарымы атуулдук коомдун өкүлдөрү болмокчу. Кеңешме алгачкы жыйынга 27-апрелде чогулмакчы.

Конституциялык реформа жасоо демилгеси 9-апрелде “Хаят” мейманканасында өткөн “тегерек стол” жыйынында, 19-20-апрелде Бишкекте өткөн бейөкмөт уюмдардын жалпы улуттук форумунда да көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин билдирүүсүнө караганда, өкмөттүк эмес уюмдар Конституциялык кеңешмени түзүүнү Жогорку Кеңешке, ал эми парламент аны өзүнүн Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетине тапшырган. 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында комитет төрагасы Камбаралы Конгантиев кеңешмени түзүү боюнча комитет иштеп чыккан долбоорду жарыялады:

- Комитет Жогорку Кеңеш тарабынан Конституциялык кеңешме түзүүнү жана анын төрагалыгына Өмүрбек Текебаевди бекитүүнү сунуштайт. Кеңешмеге Жогорку Кеңештен 30 депутат, аткаруу бийлигинен 10 өкүл, сот бийлигинен 10 мүчө болуп, ал эми атуулдук коомдон 50 мүчө болууга тийиш. Ошону менен кеңешменин жалпы мүчөсү 100 болсун деп турабыз. Жогорку Кеңеш кааласа аны өзгөртөт.

Депутат Марат Султанов кеңешменин курамына депутаттардын кирүүсүнө чек койбоону сунуштады. Натыйжада кеңешменин курамындагы депутаттар саны 37 жеткирилип, ошого жараша атуулдук коомдун өкүлдөрүнүн саны да 7 кишиге көбөйүп, Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн жалпы саны 114 кишиден турмай болду.

Андан соң маселени талкуу башталды. Алгач сөз алган Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев тез арада Конституциялык кеңешменин ишин баштоо зарылдыгын белгилөө менен буларга токтолду:

- Эмне үчүн 50 - 50? Бул коомчулук көтөрүп жаткан маселе. Ошого жараша ал жерде отургандардын жарымы коомчулуктан болушу керек. Калганы депутаттар, аткаруу жана сот бийлигинин өкүлдөрү болсун. Конституциялык реформанын жыйынтыгын эл да моюнга алгандай болуш керек. Ошондуктан атуулдук коом менен 50 - 50 дегенди катуу сакташыбыз керек.

Депутат Темир Сариев Конституцияга өзгөртүү жана кошумчаны Жогорку Кеңеш аркылуу киргизүүнү, мына ошондо татаал процедуралар толук сакталаарын айтуу менен буларга токтолду:

- Өзгөртүү сөзсүз Жогорку Кеңеш аркылуу болуш керек. Конституция деген негизги мыйзам. Аны каалаган адам эле өзгөртө бербеш керек. А биз өзгөртүүнү мурда бир адамдын, топтун кызыкчылыгы үчүн рефрендум аркылуу киргизип жүрдүк. Бул эми жөн эле оюн болчу.

Депутат Кубатбек Байболов Конституциялык реформа жасоого эң мыкты мүмкүнчүлүк түзүлүп турганына жана аны пайдаланып калуу зарылдыгына токтолду.
Конституциялык кеңешменин курамын бекитүү тууралуу токтом кабыл алына турган болуп калганда президенттин милдетин аткаруучунун Жогорку Кеңештеги өкүлү Данияр Нарынбаев аткаруу бийлигинде Конституциялык кеңешменин курамы боюнча форумда айтылгандан башка долбоор бар экенин айтып чыкты. Ага ылайык Конституциялык кеңешмеге Жогорку Кеңештен, аткаруу, сот бийлигинен 12ден, саясий партия, өкмөттүк эмес уюмдар, маалымат каражаттары, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары, коомдук ишмерлерден 12 өкүл кирүүсү белгиленди эле, деп билдирди Д.Нарынбаев.

-Толук 12 ден мүчө болот деп, фамилияларын атап Жогорку Кеңешке таратып беришкен. Бирок бүгүн сиздерге тараткан материалдарда андай эмес экен. Биздин колубузда мына ошол гана бар,- деп айтты Д.Нарынбаев.

Ал жаңы жагдай боюнча кеңешүүгө аткаруу бийлигине 1-2 күн убакыт берүүнү сурады. Бирок депутаттар ал өтүнүчкө көңүл бурбастан Конституциялык кеңешменин курамы боюнча токтом кабыл алып, 27-апрелден тарта алгачкы жыйынын өткөрүүнү чечишти. Конституциялык кеңешменин төрагалыгына Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев парламент тарабынан шайланды.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG