Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

КУРМАНБЕК БАКИЕВ: «КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ЫҢКЫЛАП НАКТА КЫРГЫЗЧА ӨТТҮ»


Маектешкен Кыяс Молдокасымов Кыргызстандагы ыңкылаптан бери 1 айдан ашты. Айрым талдоочулардын пикирине караганда бул окуя бир жагынан элдин келечекке болгон үмүтүн тутандырып шык берсе, экинчи жактан өлкөдө баш аламандыкты күчөтүүдө. Булардын бардыгы мурдагы мамлекет башчы Аскар Акаевдин өлкөнү таштай качышы менен байланышта экенин жана анын үй-бүлөөсүнө тиешелүү деген ишканаларды текшерип чыгуу үчүн атайын түзүлгөн комиссия тууралуу Президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Курманбек Бакиев «Азаттык» радиосу менен «Заман Кыргызстан» гезитине атайын маек куруп берди.

- Курманбек мырза, жаңы өкмөттүн бийликке келгенине бир айдан ашты. Ушул аралыкта сизди кубандырган жана өкүттө калтырган кандай окуялар болуп өттү?

- Биринчиси, эркиндикке ээ болдук. Экинчиден, кубандыра турган дагы бир нерсе бизди бүгүнкү күнү массалык маалымат каражаттарына эркиндикти берели деген ой-максатыбыз иш жүзүнө ашып атат. Мурдагыдай кысым көрсөтүү, муну көрсөт, аны көрсөтпө, бул болот, бул болбойт деген саясат жок. Биздин өкмөтүбүздүн саясаты ушундай болот, телевидение, газеталарга чыныгы эркиндикти бериш керек. Өкмөттүн астына мүмкүн бир газетаны сактап калабыз, өзүбүздүн токтомдорду, Указдарды жарыялаганга, калгандардын баары эркин иштеши керек. Бир ай ичинде биздин программабыз түзүлдү. Буюрса жума же ишемби күнү элге кайрылуу кылып, бүгүнкү биздин өкмөттүн программасы кандай болоорун элге кайрылууда кеңири айтып берем. Мында биздин негизги максат ушундай болуп атат – мүмкүнчүлүк болушунча өндүрүштү колдоп, жумушсуздукту азайтып, коррупцияны сөз менен гана эмес, иш аркылуу деңгээлин азайтуу. Ал эми өкүнүчтүү окуялар, биринчиден элдик революциядан кийин эл арасында тынчсызданган кишилер Бишкектин ичинде, тегерегинде көбөйүп кетти. Тартиптүүлүк жок, жакшы болбой атат, укук коргоо органдары жакшы иштей албай атат деген сөздөр көбөйүп баратат. Эми муну да түшүнсө болот. Жанагы окуялардан кийин укук коргоо органдары, милиция болобу, башкасы болобу өздөрүн кичине жоготуп, жакшы иштей албай атат. Бирок мен ойлойм бул убактылуу нерсе бардыгы өз ордуна келет. Дагы бир өкүнүчтүү жагы, жазгы талаачылык иштери кичине артта калганы болуп атат. Ошондой жагдайлар бар. Бирок негизинен абал турукташып, стабилдешип, өз жолу менен кетет деген ишенич бар.

- Курманбек мырза, ыңкылап жөнүндө сөз жүрүп калды. Айрым бир дүйнөлүк маалымат каражаттарында Кыргызстандагы ыңкылапты Украинадагы, Грузиядагы ыңкылаптарга салыштырып атат. Бул ыңкылап да чет өлкөлүктөрдүн акыл-насааты, жардамы менен өттү деген пикирлер жайылууда. Сиздин оюңузча Кыргызстандагы ыңкылаптын өзгөчөлүгү кайсында?

- Биринчиден, 24-мартта болгон элдик революцияга Американын же Россиянын, же бир башка өлкөнүн эч кандай тиешеси жок. Бул бизде болгон революцияны эл жасады, эл көтөрүлдү. Буга чет жактан бир сом акча келген жок, бизди эч ким финансылаган жок. Бул өзүбүздүн кыргызча болгон революциябыз болду. Эми Грузия менен Украинаныкы, көрдүңүздөргө го, алардыкы кичине башкачарак болду.

- Курманбек мырза, жакында Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнө тиешелүү ири ишканаларды тактоо үчүн сиз атайын жарлык менен комиссия түздүңүз. Бирок Аскар Акаев жакында “Азаттык” радиосуна түз эфирден чыгып, бул ишканалар биздин үй-бүлөбүзгө тиешеси жок деп жатат. Мына ушул жарлык менен түзүлгөн комиссия тууралуу угармандарга айтып берсеңиз?

- Бул Аскар Акаевдин өзүнө тиешеси барбы, үй-бүлөсүнө тиешеси барбы? Жанагы көпчүлүк элдин арасында айтылып аткан объектилердин баарын комиссия өзү тактагандан кийин айтышыбыз керек туурабы, туура эмеспи. Бирок элдин оозуна түшкөндөн кийин, демек ал жерде кандайдыр бир тиешеси болуш керек. Мен жанагы Указ менен бул комиссияны түзгөнүмдүн негизги максаты, эгерде тиешеси бар болсо ал таланып, тонолуп кетпесин, ээсин табалы да өткөрүп берели деген гана максат менен ошол комиссия түзүлгөн. Андан башка жаман ой-максат жок.

- Угармандарды кызыктырган дагы бир маселе Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү. Бул жагдайда жаңыдан Конституциялык кеңешме түзүлдү, ага 114 адам кирди. Ал тууралуу сиздин пикириңизди уксак?

- Конституциялык өзгөртүүлөр боюнча менин көз карашым төмөнкүдөй. Биринчиден, мен буга каршы эмесмин, мен колдойм. Конституцияга өзгөртүүлөрдү, толуктоолорду убагы келгенде жасаш керек. Анан жанагы Конституциялык кеңешменин курамы 37 депутаттан, 10 киши өкмөттөн, 10 соттон, калган элүүсү коомдук ар кандай өкмөттүк эмес уюмдардан деп түзүшпөдүбү. Эми бул өтө эле чоң кеңешме болуп атат. Мындай чоң кеңешменин иштеши да кыйынырак болот. Жумушчу топ түзмөйүнчө ар кандай багыт боюнча мындай кеңешмеде иштеш өтө кыйын болот. Мына беш киши отуруп деле сүйлөшүп көргөндө ар бири өзүнүн оюн айткыча канча убакыт кетет, ошондо беш кишинин ою да ар кандай болушу мүмкүн. Ал эми бул жерде жүздөн ашык киши отурганда кантип сүйлөшөт, кимиси кандай болот. Ошондуктан мен ойлойм бул кеңешменин ичинен жумушчу топторду түзүп, ошол жумушчу топтор иштеп, кандайдыр бир сунуштарын топтоп туруп анан жанагы кеңешмеге чыгарса туура болот. Экинчиден, биздин аткаруу бийлигин бул жерде эмнегедир булар пассивдүү дегенге мен толугу менен кошула албайм. Чынын айтканда аткаруу бийлигине оор болуп атат. Биз азыр абалды стабилдештиришибиз керек болуп атат, жазгы талаачылык иштер жүрүп атат, өкмөттүн курамы ачык айтканда толук бекитилбей, бардыгы милдетин аткаруучу болуп иштеп аткандан кийин бир топ кыйынчылыктар бар. Ошондой болгондуктан экинчи жак кичине калып калууда. Бирок мен ойлойм, аткаруу бийлигинин атынан он киши киргени деле жетишет. Кеп алардын санында эмес, сапатында болуш керек. Биз дагы өз оюбузду, өз позициябызды айтабыз. Менин өзүмдүн жеке көз карашым, муну талкуу катарында жүргүзө бериш керек. Ошол кеңешмеде кайсы статьяларга, кандай өзгөртүүлөрдү киргизели деген, бирок кабыл алганы келгенде Кыргызстандын эли дагы катышышы керек.

- Учурда коомчулукта талкууга алынып жаткан дагы бир маселе Кыргызстан келечекте президенттик башкаруудагы өлкө болуусу зарылбы же парламенттикпи деген. Ушул маселе тууралуу сиздин пикириңиз кандай?


- Бийликтин структурасы боюнча, мен ойлойм азыркы мезгилде парламенттик бийлик деп, ага басым кылгандын кереги жок. Президенттик жана парламенттик бийликтин тең салмактуу болгону туура эле болот. Бизде бийликтин үч бутагы бар да. Негизинен ушул бийликтин үч бутагы тең мүмкүн болушунча салмагы бирдей болсо, ошондо туура болот. Бир жака көбүрөөк кетип калса да болбойт. Мисалы, президентке көбүрөөк бийлик берип койгон да туура эмес. Анда бир кишиге көп бийлик кетип калат. Ошол эле мезгилде парламентке да бардык бийликти өткөрүп жиберген да туура эмес. Аткаруу бийлигине, өкмөткө да өткөрүп жиберген туура эмес. Ушул жерде баягы эң ыңгайлуу, эң туура ортосун табыш керек. Ошону менен бирге жалпы эл шайлаган президенттин ыйгарым укугу көбүрөөк болуш керек. Себеп дегенде аны жалпы Кыргызстандын эли шайлап жатат. Ошону менен бирге жалпы эл шайлаган президенттин жоопкерчилиги да болуш керек. Мисалы, азыркы Конституцияда андай жок. Жалпы эл аркылуу шайланган президенттин полномочиеси да, жоопкерчилиги да болуш керек. Ошол президентти керек болсо эл кайрадан чакырып ала турган болуш керек. Депутаттар да ошондой болуш керек.

- Мына ушул жерден дагы бир суроо келип чыгып жатат. Парламент менен аткаруу бийлигинин ортосунда тирешүү күчөп жатат. Эгерде ушундай тирешүүлөр күндөн-күнгө күчөй бере турган болсо, коомдо кайрадан кооптуу жагдай түзүлбөйбү? Бул тууралуу сиздин оюңуз кандай?

- Ушундай бир тенденция бар. Байкалып турат. Бирок мына мен өзүмдү ала турган болсом ушу аткаруу бийлигинин башчысы катары, премьер-министр катары мүмкүнчүлүк болшунча ушул маселени чечишке аракет кылып жатам. Ачык айтканда мен ушул карама-каршылык күчөсүн, же карама-каршылык барган сайын катуу болсун дегенди колдобойм. Эми парламент боюнча да нааразычылык көп, бирок парламент иштеш керек. Булар дагы азыр толук саясатка өтүп кетишти. Мына бир айдан ашык иштеп жатат. Ушул мезгилден бери парламент талкуулаган маселелерди карасаңар, байкасаңар бүт саясат болуп атат. Өздөрүнчө бир демилге киргизип, экономика жагынан, башка жагынан каралган маселе жок. Эми буга себептер көп болсо керек. Бирок мен ойлойм, парламент менен аткаруу бийлигинин ортосунда биринчиден мамиле жакшы болуш керек. Кандайдыр бир маселе боюнча талаш-тартыш болот. Көз караштар ар кандай болуш керек. Бирок ошолордун баардыгын кеңир-кесири кеңешип туруп, кимдики туура парламенттик угууда болобу, өкмөттө болобу карап, ортого салып анан чечиш керек. Анан кандайдыр бир позицияга туруп алып эле жок ушундай гана жол менен кетиш керек деп бири-бирине карама-каршылыкты күчөтө берсе мындан жакшылык чыкпайт. Ушул жагдай менен кете берсе анда жакшы болбойт. Жакшылыкка алып келбейт. Айрыкча бүгүнкү биздин абалда мүмкүнчүлүк болушунча мындай карама-каршылыкка жол бербешибиз керек. Эгерде элди, стабилдүүлүктү ойлогон болсок анда мындайга жол бербешибиз керек.

- “Арнамыс” партиясынын лидери Феликс Кулов жакында өзүнүн маегинде айтып кетти “Телевидениеден чыгууга мага бийлик тоскоолдук кылып жатат. Бул тууралуу мага маалыматтар жетти” деп. Чын эле ушундай тоскоолдуктар болуп жатабы?

- Мен андайды билбейм. Андай көргөзмө өкмөт жагынан болгон эмес жана болбош керек. Ошондой эле президенттик администрациясынан андай болбош керек. Ал кишинин айтканын уктум, бирок, биз жактан эч кандай иш аракеттер болгон жок.

- Мына азыр бир жагдай жаралды. Өлкөдөн качып кеткен мурдагы президент Аскар Акаевдин айлансында жалаң эле терс пикирлер айтылып келет. Асакар Акаевдин артында баалай турган эмгек калдыбы. Ошол эле мезгилде анын кетирген кемчиликтери кайсында. Аскар Акаевдин өлкөнү таштай качышына кандай карайсыз?

- Акаевди кыргыздын эли тааныганы биринчи президент катары тааныды. Ал киши башталышынан ушул 1997-жылдарга чейин мамлекеттик саясатты, базар экономикасына өтүштү, демократиянын өнүгүп өсүшүнө көп иш жасады. Жеке менчикти киргизген ошол кишинин мезгилинде болду. Анын ичинен жерге жеке менчик киргизүүдө бул кишинин эмгеги чоң. Улуттук валюта боюнча, демократиялык принциптерди кеңири өстүрүү боюнча, бирок 97-98 - жылдардан кийин бул кишинин саясаты кичине башкача болуп, өзгөрө баштады. Жанагы демократиялык принциптен баш тартып, авторитардык режим күчөй баштады. Бул жыл өткөн сайын күчөй берди. А сөз менен демократия деп, сөз аркылуу эркиндик, өнүп-өсүү, элдин турмушу оңолуп жатат дегендер бүт сөз аркылуу болуп атты. Чындыгына келгенде иш жүзүндө андай болгон жок. Ошондон улам бийлик менен элдин арасы алыстады. Элди ойлобой коюшту. Ошондуктан эл менен бийликтин ортосунда айырма өтө чоң болуп кетти. Анан жалпы эле Кыргызстандын эли туура көрбөй калды бул кишинин качып кеткенин. Мамлекетти башкарган киши, Кыргызстандын эли ишеним көрсөтүп шайлагандан кийин бул киши качпаш керек эле. Элдин астына чыгып сүйлөш керек эле. Качып кеткенден кийин азыр кайра келиш кыйын. Кечээ жакында эле кызы аракет кылды. Келгенде эмне болду? Парламентти талкалап жибергенге аз калды го. Булар азыр ойлонуш керек. Эгерде булар качып кетпегенде Бишкекте талап-тоноо болбойт эле. Шаарды эч ким талкалабайт эле. Ошондуктан бул жерде биз реалдуу баа беришибиз керек.

- Маегиңиз үчүн чоң рахмат.
XS
SM
MD
LG