Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:42

ЖАҢЫ ТИЗМЕ ОРУСИЯГА ЖАГАБЫ?


8-9-майда президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев Москвада болуп, Улуу жеңиштин 60 жылдыгын белгилөөгө катышты. Андан сырткары Бакиев Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушууда Бишкектин Москвага карызын чечүү маселесин да козгоду

Кыргызстандын Орусияга карызы 1990-жылдардын башында Москванын Бишкекке техникалык кредит бөлүп берүү учурунда пайда болгон. КМШнын бир катар өлкөрү андай мүнөздөгү кредитти карыз катары мойнуна албай койгону да маалым. Маселен, Украина жана Беларус Кыргызстанга ошол мезгилдеги карызын моюнуна албай келатат.
Алгач 130 миллион доллардын тегерегинде болгон карыз азыркы мезгилде үстөгү менен 180 миллион долларга жакындап баратат. Аны реструктризациялоо боюнча келишимге эки тарап 2001-жылы кол койгон.

Кыргызстан ал карызды төлөөнүн бир жолу катары бир катар заводдорунун акцияларын Орусияга өткөрүп берүүдөн көрүп, ондон ашуун ишкананын акцияларын 2000-жылдын башында эле сунуштаган.
Ал тууралуу Мамлекеттик мүлк фондунун мурунку төрагасы Равшан Жээнбеков буларды билдирди:

-Орловкадагы химико-металлургиялык заводду, ушуга окшогон он экиге жакын заводдорду тизмесин сунуштаганбыз. Бирок сүйлөшүүлөрдөн эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Алар алабыз деп дагы айткан эмес.

Андан бери мезгил өтүп, өзгөрүүлөр болду. Ошол кезде сунушталган ишканалардын кээ бири Орусиянын менчигине өттү. Ошондуктан жаңыдан тизме түзүү зарылдыгы келип чыгып жатса керек, деп белгиледи Равшан Жээнбеков.

Президенттин милдетин аткаруучу Курманбек Бакиев 8-майда Москвада Владимир Путин менен жолугушууда карыз ордуна сунушталчу ишканалар тизмесин даярдоону сунуштады. Ал эми Владимир Путин Армения да Орусия алдындагы карызын ушундай жол менен чечкенин белгиледи. Бирок Кыргызстан менен Армения сунуштаган ишканалар тизмесинде айырмачылык бар. Маселен, Армения 100 миллион доллардын тегерегиндеги карызы үчүн Раздан ГЭСи баш болгон бир катар аскердик багыттагы заводдорду берген. Кыргызстан да аскердик багыттагы заводдорду сунуштоодо, бирок алардын арасында ГЭСтер жок.

Жогорку Кеңештин депутаты Темир Сариев тышкы карыз ордуна ишканаларды берүүнү колдоорун билдирип, анын пайдасы тууралуу буларды айтты:

-Анткени биринчиден карызды азайтабыз. Экинчиден, мамлекеттин менчигинде турган завод-фабрикаларды иштетип алат элек. Ал өз кезегинде экономикага жардамын берет эле.

Темир Сариевдин айтымында, Кыргызстан ГЭСтерди берүүдөн деле тартынбаш керек. Биз Кытай, Пакистандан чочулайбыз. Ал эми Орусия менен 200 жылдан бери кызматташып көнүгүшүп калганбыз. Ошондуктан жаңы ГЭСтерди курууда да, эскилерди жаңы жабдуулар менен камсыздап иштетүүдө да Орусия менен кызматташуу маанилүү. Андан сырткары Орусия биздин электр энергиясын сатып алууга кызыкдар болуп атпайбы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG